Кыргызстанда кыштын баасы эки эсе арзандады

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКыш. Архив
Кыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш материалдарынын башка түрлөрү да арзандап, куруучулардын кызмат акысы 25 пайызга төмөндөдү.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. 9 сомдон сатылып жаткан кыштын баасы беш сомго чейин түшүп калганын "Лего" кыш заводунун директору Орозбек Кадыров Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

"Өндүрүштү токтотуп, кызматкерлерди кыскартканга туура келүүдө. Биздин алган насыяларыбыз бар. Шаарда курулуш жүрбөй калгандай сезилип жатат. Кыш сатып алууну каалагандар өтө эле аз", — дейт ишкер.

Куруучуларга да өз кызмат акысын төмөндөтүүгө туура келүүдө. Биринчиден, экономикалык кризистен улам жумушсуздардын саны өсүп, алар куруучулардын санын толуктап жатат. Куруучулар бригадасынын башчысы Бектурсун Баршикеевдин айтымында, өз кызматынын акысын алар кайтадан карап чыгууга мажбур болушууда.

"Өткөн жылга салыштырмалуу биз бааны 20-25 пайызга төмөндөттүк. Бактыга жараша, менин бригадамдагылар абалды түшүнүп, нааразычылыктарын билдиришкен жок", — деди Баршикеев.

Анын айтымында, шаар тургундары мурдагыдай оңдоо иштерин жасабай калышты.

Ошондой эле, курулуш материалдарынын башка түрлөрү да арзандады. Ламинат, эшик, тартылган шыптарды саткан "Doors" фирмасы да катаал учурду башынан өткөрүп жатат. Компаниянын директору Бахтияр Садыковдун айтымында, бул жыл акыркы беш жылга караганда өтө оор болду.

"Биз товарларды өз баасына болсо да сатууга аракет кылуудабыз. Кээ бир учурларда бааны эки эсе арзандатканга туура келди", — дейт ишкер.

Учурда ал компания ички булактардын жардамы менен ишин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0