Сариев чек арадагы чатактан кийин калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

Жазылуу
Жыйынга Чек ара кызматы, Транспорт жана коммуникация министрлиги, УКМК жана Коргоо министрлигинин жетекчилигинин айтымында, чек арада азыр абал туруктуу. Чыр-чатак чыккан жерде атайы түзүлгөн жумушчу топ тажик тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жыйын өткөрүп, тийиштүү мекеме жетекчилерине жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Премьер-министр кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жыйын чогултту
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, премьер-министр шейшемби күнү Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылындагы чек ара жаңжалына, ошондой эле Казакстан КРдин ЕАЭБге кошулушу жөнүндө келишимди ратификациялоосуна байланыштуу кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтоткон.

Жыйынга Чек ара кызматы, Транспорт жана коммуникация министрлиги, УКМК жана Коргоо министрлигинин жетекчилиги катышып, учурдагы жагдай тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, чек арада азыр абал туруктуу. Чыр-чатак чыккан жерде атайы түзүлгөн жумушчу топ тажик тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 

Жыйын соңунда Сариев вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге Тажикстандын тийиштүү структуралары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0