Баткендеги эки күндүк чек ара чатагынан жети киши жаракат алган

Жазылуу
Учурда укук коргоо органдары жана Чек ара кызматы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирдикте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы 3-4-августта болгон чатактан Кыргызстандын жети жараны жаракат алды. Бул туурасында Мамлдкеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган ведомствонун маалымат кызматы 2015-жылдын 5-августу саат 10:00гө карата Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу тынч экендигин маалымдады.

"Учурда укук коргоо органдары жана Чек ара кызматы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирдикте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", — деп айтылат аталган ведомство тараткан маалыматта. 

Баткендеги чек арада түн тынч өттү
Тирешүү Тажикстандын жарандары көк-таштыктардын мүрзөгө барчу жолун тороп алгандан башталган. Каршылык иретинде кыргызстандыктар Тажикстандын аймагына кетчү каналды бууп салышкан. Кийин коңшу өлкөнүн жарандары кыргыздарга тиешелүү жерди казып суу чыгаруучу түтүк жаткырууга аракет кылганда чатак башталып кеткен. 

2015-жылдын 3-августунда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чатак болуп, бир канча үйлөр талкаланып, кыргызстандык бир нече жарандар жаракат алган. Жаатташкан тараптар жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын түшүндүрүү иштеринен соң, түнкү саат 12лерден кийин тараган. Бирок экинчи күнү, 4-августта түшкө жуук кыргыз жана тажик жарандары кайрадан жаатташып, анын кесепетинен кыргызстандын үч жараны жаракат алып, ооруканага түшкөн. Чатак учурунда ок атылган. Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары ок чыгарбагандыгын расмий тастыктады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0