Баткендеги чек арада абал тынч

Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу топтору бүгүн ведомстволор аралык сүйлөшүүлөрдү улантат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Баткендеги чек арада абал тынч, ведомстволор аралык комиссия бүгүн өз ишин улантат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

"5-август күнү кечинде Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу тынч болду. Кечээ келген ведомство аралык комиссия чатакташуу учурунда чыгым келтирилген үйлөрдү карап чыкты. Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу топтору бүгүн ведомство аралык сүйлөшүүлөрдү улантат", — деп билдиришти маалымат кызматынан. 

Учурда чек ара тилкесинде Кыргызстандын укук коргоо органдары жана Чек ара кызматы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирдикте элге түшүндүрүү иштерин улантып жатышат.

"Ошондой эле иш-чара Тажикстандын аймагындагы жергиликтүү элге да жүргүзүлүп жатат", — деп кошумчалашты маалымат кызматынан. 

Баткендеги чек ара чатагынан бир нече адам жаракат алды
Тирешүү Тажикстандын жарандары көк-таштыктардын мүрзөгө барчу жолун тороп алгандан башталган. Ага нааразы болгон кыргызстандыктар Тажикстандын аймагына кетчү каналды бууп салышкан. Кийин коңшу өлкөнүн жарандары кыргыздарга тиешелүү жерди казып суу чыгаруучу түтүк жаткырууга аракет кылганда чатак башталып кеткен. 

2015-жылдын 3-августунда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чатак болуп, бир канча үйлөр талкаланып, кыргызстандык бир нече жарандар жаракат алган. Жаатташкан тараптар жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын түшүндүрүү иштеринен соң, түнкү саат 12лерден кийин тараган. Бирок экинчи күнү, 4-августта түшкө жуук кыргыз жана тажик жарандары кайрадан жаатташып, анын кесепетинен кыргызстандын үч жараны жаракат алып, ооруканага түшкөн. Чатак учурунда ок атылган. Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары ок чыгарбагандыгын расмий тастыктады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0