Индиялык программисттер кыргыз кесиптештеринин нанын талашууда

© flickr.com / hackNY.orgПрограммист. Архив
Программист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү программисттер индиялык кесиптештердин кысымынан улам эл аралык рынокко чыга албай келишет. Бирок ага карабастан, кесипкөй адистерге мурдагыдай эле суроо-талап жогору.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Индиялык программисттер кыргыз кесиптештерине эл аралык IT- рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк бербей жатышканын Sputnik агенттигине программист Данил Ильинич билдирди.

Интернетте программалык продукция иштеп чыгуу үчүн буйрутмалар жайгашкан бир катар фриланс-биржалар бар. Бирок алардын баарын индиялык программисттер ээлеп алган. Мисалы, эгер сайт жасоо 400 доллар турса, индиялыктар аны төрт эсе арзан жасоого даяр.

"Эл аралык рынокко чыгуу үчүн бир-эки пикир болушу керек, ал үчүн болсо бир катар иш аткаруу зарыл. Бирок аларды индустар илип кетип жатышат. Жеп аткан наныбызды колдон жулуп кеткендей болуп атат", — дейт Ильинич.

Анын айтымында, жергиликтүү программисттер россиялык компаниялар менен кызматташууга ыктайт, анткени индустар орус тилин билбейт.

Ильинич менен макул эместигин IT чөйрөсүндөгү эксперт Юрик Ким билдирет.

"Индиялык жана пакистандык программисттердин үстөмдүүлүк кылганы чын, анын үстүнө, алар англис тилин жакшы билет. Бул аларга сайттын контентин кошо толтурууга көмөктөш болот. Бирок бул жөнөкөй жумушка гана тиешелүү. Жогорку сапаттагы иш үчүн индиялыктар деле жалпы дүйнөлүк бааны сурашат", — дейт Ким.

Эксперт  жергиликтүү кесипкөй программисттер көп мамлекеттердин компанияларынын суроо-талабына ээ экенин белгилейт. Алардын ичинде АКШ жана Россия сыяктуу ири өлкөлөр бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0