Стениндин жаркын элесине арнап "Россия сегодня" альбом чыгарды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүФотожурналист Андрей Стенин. Архив
Фотожурналист Андрей Стенин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андрей Стенин 2014-жылы 6-августта Украинанын түштүк-чыгышында курман болгон. Андрейдин достору жана кесиптештери альбомду түзүүдө анын фотоархивине жана жеке жазууларына кайрылышкан.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Андрей Стениндин "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттигиндеги кесиптештери даярдаган журналисттин "Зона конфликта" деп аталган фото сүрөт альбому анын өлгөнүнүн бир жылдык эскерүү күнүндө жарык көрдү. 

Леонид Сумароков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште согушка катышкан депутаттар туурасында фотокөргөзмө ачылат
Андрей Стенин 2014-жылы 6-августта Украинанын түштүк-чыгышында курман болгон. Андрейдин достору жана кесиптештери альбомду түзүүдө анын фотоархивине жана жеке жазууларына кайрылышкан. "Зона конфликта" деп аталган альбомго журналисттин 2010-2014-жылдары түрдүү өлкөлөрдө, анын ичинде Украинада, Ливанда, Сирияда, Египетте, Түркияда, Ливияда жана Кыргызстанда фото кабарчы болуп иштеп жүргөндө тарткан 168 сүрөтү кирди. 

Андрейдин өз калеминен чыккан өмүр баянынан үзүндүлөр, анын аскер күндөлүктөрү менен соцтүйүндөрүндө жазгандарынан үзүндүлөр альбомдун түрдүү өлкөлөргө арналган ар бир бөлүмүнө комментарий катары киргизилди. 

"Андрей Стениндин сүрөттөрү — дайыма жаңы ачылыш. Ал бизден күтүүсүз жерден кетти, бирок анын сүрөттөрү түбөлүк сакталат", — деп жазат альбомдун кириш сөзүндө "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев. 

Стенин журналистикада жазуучу кабарчы катары баштаган. Кийинчерээк аскер фотожурналистикасын тандап алып, согуш жөнүндө кенен жана күчтүү жаза баштаган. Бирок алардын баарын өзү үчүн жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0