Маматалиев Баткендеги чыр-чатак болгон аймакка учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев. Архив
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр окуя болгон жердеги коомдук-саясий абалды байкап, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу жана тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн Баткен облусуна учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маматалиев: чек арада кырдаал тынч, эл өз жашоосу менен алек
3-августта Баткен облусуна караштуу Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр-чатак болгон. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 120 чакты тажикстандык жана 80дей кыргыздар уруша кетип, таш менен чабышкан.

Маматалиев окуя болгон жердеги коомдук-саясый абалды байкап, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Тирешүү Тажикстандын жарандары көк-таштыктардын мүрзөгө барчу жолун тороп алгандан башталган. Ага нааразы болгон кыргызстандыктар Тажикстандын аймагына кетчү каналды бууп салышкан. Кийин коңшу өлкөнүн жарандары кыргыздарга тиешелүү жерди казып суу чыгаруучу түтүк жаткырууга аракет кылганда чатак башталып кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0