Сариев Түп, Жети-Өгүз райондорунда мектептердин абалы менен таанышат

Жазылуу
Өкмөт башчысы Сариев Ысык-Көлдөгү жолдордун курулушун жана мектептердин абалын текшерет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт деп билдирди өкмөт башчысынын маалымат катчысы Бакыт Асанов. 

Сариев облустагы курулуп жана оңдолуп жаткан жолдорго көзөмөл жүргүзөт. Андан сырткары, бир катар мектептерге барат.

"Өкмөт башчысы иш-сапарын Каракол шаарынынын Хусейин Карасаев атындагы көчөнү оңдоп-түзөө иштерин көрүүдөн баштады. Бүгүн Түп, Жети-Өгүз райондорундагы мектептерге барып, алардын абалы менен таанышат", — деди Асанов.

Ал өкмөт башчысы Түп-Кеген жолунун курулушу менен таанышарын жана эртең Чолпон-Ата шаарында болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0