Батыш Салиева

25 жыл Социалдык коргоо министри болуп иштеген Батыш Салиева дүйнө салды

175
(жаңыланган 09:51 10.08.2015)
Батыш Салиева 25 жыл бою Кыргызстандын социалдык коргоо министри болуп иштеген. Анын эмгегинин аркасында Ысык-Көлдө курорттук аймактар салынып, кары-картаңдар жана кароосуз калган балдар үчүн социалдык имараттар курулган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушунун көч башында турган Батыш Салиева узакка созулган оорудан кийин 6-августта каза болгонун КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Салиеванын туугандарына жана жакындарына президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Темир Сариев көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүштү.

Салиева калктын социалдык жактан корголушуна эбегейсиз салым кошкон, ошондой эле профсоюздун жана өлкөдөгү аялдардын кыймылынын өнүгүшүнө зор күч жумшаган деп айтылат билдирүүдө.

Батыш Салиеванын жасаган эмгегинин аркасында Ысык-Көлдө курорттук аймактар салынып, кары-картаңдар жана кароосуз калган балдар үчүн социалдык имараттар курулган. Алардын катарында "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийи, "Чолпон-Ата" жана "Ала-Тоо" эс алуу үйлөрү бар.

Батыш Салиева 25 жыл бою Кыргызстандын социалдык коргоо министри болуп иштеген. Өткөн жылы Эгемендүүлүк күнүнүн алдында социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев Батыш Салиеванын ал-ахыбалын сурап барып, миң сом акча жана башка белектерди берген.

175
Белгилер:
Социалдык өнүгүү министрлиги, Батыш Салиева
Тема боюнча
Салиева Батыш Салиевна. Өмүр баяны.
Медиктер. Архивдик сүрөт

Жүрөк жылытат. Карыяга акча чогулткандар медиктерге да жардам берди

4
(жаңыланган 18:19 12.07.2020)
"Тазалыктын" маалымат катчысы гармонь чертип жан баккан карыянын аспабын уурдап кетишкенин айтып, жаңысын алуу үчүн каражат чогулта баштаган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте кайрымдуу жарандар тарабынан улгайган кишиге гармонь алууга чогулган акча ашыгы менен жыйналды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева бир нече күн мурун калаадагы соода борбордун алдында гармонь чертип, тамак-ашына акча тапкан карыянын музыкалык аспабын уурдап кетишкенин жазган. Активисттер интернет аркылуу 5000 сомго гармонь табышкан. Мындан улам Каракеева акча чогултуп баштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Жибек Каракеева (@jibek_karakeeva)

Натыйжада кайдыгер эмес адамдардан каражат ашыгы менен түшүп, жалпы суммасы 41 708 сомду түзгөн.

Ал эми Давлет аттуу шаар тургуну өзүнүн гармонун карыяга белек деп Каракеевага берип кеткен. Мындан улам аспапка кошуп ага 5000 сом накталай, 1527 сомго азык-түлүк алып барып беришкен. Калганын 15 медицина кызматкерине 2000 сомдон берип чыгышкан. Ошону менен бирге күндүзгү стационарларга миңден ашуун асма уколдун штативин жасаган "Тазалыктын" кызматкерлерине пицца алып берген.

Аягында 2 571 сом калган, аны медиктердин телефонуна сүйлөшүү үчүн акча сала турганын айтты.

4
Белгилер:
жардам, медик, акча, МП "Тазалык"
Тема боюнча
Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө
Ооруканадагы медик. Архивдик сүрөт

Ысык-Атанын ооруканасында эртеден бери дарыгерлер жокпу? Министрликтин жообу

133
(жаңыланган 17:40 12.07.2020)
Видеонун автору бейтаптар жаткан палаталарды көрсөткөн. Бул учурда бир дагы ак халатчан көзгө урунган эмес.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Социалдык тармактарда Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасында бир суткадан бери дарыгерлер менен медайымдар жок деген видео тарады.

Видеонун автору коридор менен басып бейтаптар жаткан палаталарды көрсөткөн. Бул учурда бир дагы ак халатчан көзгө урунган эмес. Ал коронавирус жана пневмония оорусу менен түшкөндөрдү дарылоо эмнеге токтоп калганын жана медиктер кайда кеткени боюнча эч ким түшүндүрбөй жатканын айткан.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытова Sputnik Кыргызстанга видео ак халатчандар смен алмашып жаткан учурда тартылганын билдирди.

"Дарыгерлер душка түшүп, даярданып, жеке коргонуу каражаттарын кийгенге чейин убакыт талап кылынат. Ооба, чынында эле дарыгерлер жетишпей жатат. Алар өздөрү ооруп калууда. Бирок биз кошумча дагы медиктерди тартып жатабыз", — деди Мамытова.

Ысык-Атанын ооруканасында жарык өчүп, аппараттагы бейтап көз жумду

Ошондой эле ал Токмок медициналык училищесинен бир дарыгер, эки медайым, Чүй облустук тиш стоматология клиникасынан алты медайымды жөнөтүү пландалып жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны 10 629 адамга жетти. Анын ичинен 3387си айыгып, 132си каза болду. Мындан сырткары, пневмония менен кайрылгандар көп болууда. Март айынан бери бул оорудан 432 бейтап кайтыш болду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте.

133
Белгилер:
оорукана, медик, Ысык-Ата, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
Апасынан айрылган кыз: "Гансиде" ачылды делген реанимациялык блок иштеген жок
Чүйдүн төрөт үйлөрү иштебей жатат деген маалымат төгүндөлдү