Жеки Чан актердон кыргызча кыйкыр деп суранган

© Фото / предоставлено Элчоро КурманомЖеки Чан өз фильмин тартып жатканда актердон кыргызча кыйкыр деп суранган
Жеки Чан өз фильмин тартып жатканда актердон кыргызча кыйкыр деп суранган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеки Чан кыргыздар жөнүндө интернеттен окуган жана "Ажыдаардын кылычы" тасмасында согуш көрүнүштөрүн тартып жатып, кыргызча кыйкырууну сураган.

Жеки Чан тасма тартылып жатканда кыргыздар деген ким экенине кызыгып сураганын Sputnik агенттигинин кабарчысына Пекинде жашап жаткан кыргыз актер Элчоро Курман айтып берди. 

"Ажыдаардын кылычы" деп аталган кытай кинематографиясындагы эң кымбат тасма февралда дүйнөлүк прокатка чыккан. Анда башкы ролду Жеки Чан аткарат. Ошондой эле фильмде атактуу голливуд актерлору Жон Кьюсак менен Эдриен Броуди ойногон. Ал эми кытай падышалыгынын жоокерлеринин бирин кыргыз улутундагы актер Элчоро Курман аткарат. 

Элчоро атактуу кытай актеру жана каскадер Жеки Чан менен кантип таанышканы жана Кытайга кандайча барып калганы жөнүндө айтып берип, келерки жылы өз мекенине келүү пландары менен бөлүштү. Баса, Элчоро өмүр бою Кытайда жашаса да, кыргызчаны жакшы билет. 

© Фото / предоставлено Элчоро КурманомЭлчоро Курман: Жеки Чан жашоосунда жөнөкөй, бардык нерсеге көңүл бурган адам.
Элчоро Курман: Жеки Чан жашоосунда жөнөкөй, бардык нерсеге көңүл бурган адам - Sputnik Кыргызстан
1/6
Элчоро Курман: Жеки Чан жашоосунда жөнөкөй, бардык нерсеге көңүл бурган адам.
© Фото / предоставлено Элчоро КурманЭлчоро Курман: Жеки мага келип согуш сценалары үчүн туура машыгууну үйрөттү.
2/6
Элчоро Курман: Жеки мага келип согуш сценалары үчүн туура машыгууну үйрөттү.
© Фото / предоставлено Элчоро КурманомКино эки ай бою Жэцзян провинциясында жана төрт ай Дуньхуан шаарында тартылган.
3/6
Кино эки ай бою Жэцзян провинциясында жана төрт ай Дуньхуан шаарында тартылган.
© Фото / предоставлено Элчоро КурманомЭлчоро Курман: кастингге 300дөн ашык киши катышып, үчөөбүз гана өттүк.
4/6
Элчоро Курман: кастингге 300дөн ашык киши катышып, үчөөбүз гана өттүк.
© Фото / предоставлено Элчоро КурманомКиного белгилүү актер Жон Кьюсак да тартылган.
5/6
Киного белгилүү актер Жон Кьюсак да тартылган.
© Фото / предоставлено Элчоро КурманомЖумуштан кийин кейманканада түшкөн сүрөт.
6/6
Жумуштан кийин кейманканада түшкөн сүрөт.
1/6
Элчоро Курман: Жеки Чан жашоосунда жөнөкөй, бардык нерсеге көңүл бурган адам.
2/6
Элчоро Курман: Жеки мага келип согуш сценалары үчүн туура машыгууну үйрөттү.
3/6
Кино эки ай бою Жэцзян провинциясында жана төрт ай Дуньхуан шаарында тартылган.
4/6
Элчоро Курман: кастингге 300дөн ашык киши катышып, үчөөбүз гана өттүк.
5/6
Киного белгилүү актер Жон Кьюсак да тартылган.
6/6
Жумуштан кийин кейманканада түшкөн сүрөт.

— Саламатсызбы, Элчоро! Кинодогу ийгиликтериңиз менен куттуктайбыз. Кытайга кантип барып калганыңызды уксак дейм. 

— Саламатсызбы! Кытайда төрөлгөндөн бери жашайм. Чек араларды бөлүштүрүүдө менин чоң атам Кытайдын жеринде Тоолуу Тянь-Шань облусунда калган экен. Мен Корла шаарында туулуп өскөм. 16 жашымда Пекинге келдим. Экономисттин окуусун аяктагандан кийин банктардын биринде 2 жыл иштедим. Андан кийин актердук кесипти аркалоону чечтим. 

— Канча фильмде тартылдыңыз? 

— Менин катышуум менен 20 чакты тасма жарык көрдү. Негизинен "Жети жылдыздан турган көк көл" же "Жалган сокку" сыяктуу кытай тасмалары. 

— Элчоро, сиз кыргызча сүйлөйсүзбү? Кантсе да, өмүр бою Кытайда жашайт экенсиз. 

— Албетте, сүйлөйм. Бул менин эне тилим. Аны бул жерде үйрөнөм. Бирок көбүнчө сүйлөшкөнгө практика жетпейт. 

— Кытайлыктар сиз башка улуттан экениңизди кандай кабыл алышат? 

— Алар мен кыргыз экенимди билишет. Мени бул жерде жакшы кабыл алышат. 

— Сиз Жеки Чан менен бир тасмада тартылыпсыз. Аны менен чогуу киного тартылууну каалагандар абдан көп. Буга кандай жеткениңизди айтып берсеңиз?

— Мен бир кытай жоокердин ролун ойноого кастингге катышып көрдүм. Үч жүз кишиден үчөөнү өткөрүштү. Алардын бири мен болчумун. Сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. 

— Тасмага тартуу башталып, белгилүү актер менен бир аянтчага болдуңуз да, чыныгы турмушта Жеки Чан кандай киши экен, айтып берсеңиз? 

— Жеки Чанды улуу киши десе болот. Ал кең пейил, турмушта өтө карапайым, ак ниет адам. Ал чоң-кичине дебей, баарына тең карайт. Мисалы, эс алуу учурунда фильм тартып жаткандардын баарына тең печенье же суу таратып кирет. Жаратылышка өтө аяр мамиле кылат. Мисалы, суунун бөтөлкөлөрү көп орун ээлебеши үчүн жалпайтып туруп анан таштандыга ыргыттырат. Тасма тартылып жаткан жерде таштандыларды ал өзү жыйначу. 

— Фильм тартып жатканда аны менен сүйлөшчү белеңиз? 

— Ал менин жаныма келип, согуш көрүнүштөрүн тартканга туура машшыкканды үйрөтөр эле. Бир жолу тыныгуу учурунда ал менден далысын укалап берүүнү суранды. Каскадерлук трюктарды жасап жатканда оорутуп алган жерлери болсо керек. Сүйлөшө кеттик. Мен ага "байке" деп кайрылсам, ал бул эмнени билдирет деп сурады. Мен кыргыздар улууларга ушинтип кайрылат деп түшүндүрдүм. Ал болсо "Кыргыздар деген ким?" дейт. Мен улутум боюнча кыргыз экенимди, кыргыздар кезегинде гундар менен согушканын айттым. 

Эки күндөн кийин биз Жеки менен кайра жолуктук, ал мага кыргыздар жөнүндө интернеттен окуганын айтты. "Сен бул фильмде өз тегиңди ойноп жаткан турбайсыңбы. Тартылып жатканда кыргызча кыйкырбайсыңбы?" деди. Мен макул болдум. Бирок кыйкыргандарым фильме кирбей калыптыр. 

— Соцтармактарда сүрөттөрдүн биринде сиз кыргыз калпагын кийген Жеки Чан менен түшүпсүз. Ал сиздин белекпи? 

— Ооба. Биз баарыбыз актерлор даярданчу бөлмөдө турганда мен ага ошол калпакты белек кылгам. Бул биздин улуттук баш кийим экенин, мындай белекти Кыргызстанга сыйлуу мейманга беришерин айттым. Ал аны дароо башына кийип, биз сүрөткө түшкөнбүз. 

— Фильмде дагы атактуу актерлор Жон Кьюсак менен Эдриан Броуди тартылыптыр. Алар жөнүндө эмне айта аласыз? 

— Жон Кьюсак ар түрдүү элдер менен сүйлөшүп, алардан бир нерсе үйрөнгөндү жакшы көрөт экен. Броуди өзүнүн бир жасаганы менен эсте калды: тасма тартылып бүткөндөн кийин менеджер Броуди бир жакка кечигип жатканын айтып, баары менен сүрөткө түшө албайт деди. Бирок Броуди жөн эле кетип кала албайм деп, ар бирибиз менен сүрөткө түшүп чыккан. Экөө тең жөнөкөй адамдар. 

— Тасма кайсы жерлерде тартылды, кыйналган жоксузбу? 

— Эки ай Жэцзян провинциясында, 4 ай Дуньхуан шаарында тарттык. Дуньхуандагы биз турган мейманкана тасма тартылып жаткан жерден 100 чакырым алыс болчу. Күн сайын таңкы алтыда туруп, эки саат жол жүрчүбүз. Кайра кечки саат 11де келчүбүз. Кээде ал жакта эртең мененкиге чейин калар элек. Аябай чарчачубуз. 

— Акыры тасма сизге жактыбы? 

— Жакты. Бирок мен кыргызча кыйкырып жаткан жерлер ага кирбей калыптыр. 

— Келечекте башка кинолорго да тартылайын деген планыңыз барбы? 

— Ооба. Мен келечекте жакшы тасмаларга тартылсам деп жатам жана өзүм фильм тартсам деген тилегим бар. 

— Ата мекениңизге келейин деген оюңуз барбы? 

— Мүмкүнчүлүк болсо, Кыргызстанга келерки жылы барып келсем дейм. Балким ал жактан көрүшүп каларбыз. 

"Ажыдаардын кылычы" (Dragon Blade) 2015-жылы февралда прокатка чыккан. Фильмдин бюджети 65 миллион долларды түзгөн. Андагы окуя Байыркы Кытайда Хань династиясынын падышалыгы учурунда болгон. Римдин кол башчысы Луция өз жоокерлери менен кытай жерине келет. Ошол эле учурда Батыш аймагынын күзөт жоокерлеринин башчысы Хо Ань өз душмандарына кул болуп калат. Ошол эки жоокер Батыш чөлүндө айыгышкан кармашка катышат. Бирок алар бири-бирине каршы эмес, ач көз Тиберия падышасына каршы Кытайдын көз карандысыздыгы үчүн күрөшөт. Элчоро Курмандан тышкары, тасмада дагы бир кыргызстандык актер Канатбек Абдырахманов тартылган. Ал "Кабар" маалымат агенттигинин мурдагы кабарчысы.

Жаңылыктар түрмөгү
0