Боом капчыгайындагы бетон дубалдарга тартылган сүрөт. Архив

Граффитчилер Боом капчыгайындагы сүрөтүнүн боёлушуна өз пикирин билдирди

381
(жаңыланган 11:37 10.08.2015)
Боом капчыгайындагы бетон дубалдарга тартылган сүрөттөр кыргыздын дүйнө таанымына туура келбейт деген активисттер 8-августта аларды үстүнөн боёй башташты.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Боом капчыгайындагы бетон дубалдарга сүрөт тарткан граффитчилер эмнеге сүрөт тартышкандарына түшүндүрмө берди.

Буга чейин бир катар активисттер маалымат жыйын өткөрүп, 100 метрдей узундукка тартылган граффити сүрөттөрүн боёй тургандыктарын айтышкан. Нурбек Үкүбаевдин айтымында, сүрөтчүлөр кыргыздардын аброюна шек келтирди жана тартылган сүрөттөр кыргыздардын менталитетине туура келбейт. 8-августта алар граффитинин кээ бир бөлүктөрүн боёшкон жана бул аракеттер дагы улантылат.

Сергей Киллер жана Дмитрий Петровский – талашка түшкөн сүрөттүн авторлору. Алардын айтымында, сүрөттөр жай айынын ортосунда basicolors көчө-фестивалынын алкагында тартылган. Алар бул иш-чараны уюштурган Виктор Цойдун чакыруусу менен катышкан. 100 метрлик дубалды Кыргызстандан жана Германиядан келген ондон ашык сүрөтчү тарткан.

"Анын мааниси абдан жөнөкөй: жүзүндө жылмаю бар эки дос келе жаткан коноктордон "кандайсыңар" деп сурап жатышат. Каарман катары биз байыркы балбал таштарды тандалып алганбыз. Кээ бир активисттер айтып жаткандай, алар эч кандай атактуу манасчылардын элесин бербейт. Бул ойдон чыгарылган бейнелер. Биз бардыгына тааныш  байыркы көрүнүштөрдү алып, аларды заманбапташтырганды жакшы көрөбүз. Мисалы, Чуйковдун "Советтик Кыргызстанды кызы" сүрөтүн Бишкекке жаңы образ менен тарттык", — дейт уюштуруучулар.

Граффити төрт күндө тартылып бүткөн.

Автивисттердин сүрөттү боёйбуз деген демилгесин сүрөтчүлөр терең өкүнүч менен кабыл алышты. Ошол эле учурда алар бардык пикирди сыйлай тургандыктарын жана эч кандай талаш-тартышка барбай турганын айтышты.

Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Тынчтыкбек Кожобеков Боомдогу сүрөттөрдү сыр сатып алып, граффити менен тааныштыгы бар башка жигиттерге бир түскө боётүүну сунуштады.

"Дубалдарды бир түскө татынакай кылып боётуп туруп, Манас!, Кыргызстан! Ысык-Көл! же дагы башка таасирдүү сөздөрдү жаздырып салалы", — деген пикирин жазды.

Ал ошондой эле, жаман-жакшы айтышкандан пайда жок экенин белгилеп, граффитчилер деле жакшы нерсе жасайлы дешсе керек деген оюн айтты.

381
Белгилер:
граффити, Сүрөт, Виктор Цой
Тема боюнча
Окумуштуулар Боомго барып, Үркүндүн курмандыктарына багыштап Куран окушту
Чыгармачыл адам менен ачык маек: 3D-сүрөтчү акча тууралуу
Эркек киши. Архивдик сүрөт

Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги

17
(жаңыланган 15:02 24.10.2020)
Балдары ооруп, дарыга акчасы жок болуп дарыканадан акча уурдай качкан Токмоктогу жигит эсиңиздердеби? Окуянын өзү, фемида өкүлдөрүнүн ага чыгарган чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Каарманыбыз Замирбек Кожоканов 2019-жылдын 12-мартында балдары ооруп, дарыканадан курткасын күрөөгө коюп дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тартканда акча алып чыгып кеткен. Бирок көп өтпөй акчаны кайтарып берип, милицияга өзү барган. Дарыкананын ээси доом жок деп жазып бергенине карабай, Кожоканов беш жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал жаза 2,5 жылга кыскарган.

Учурда 34 жаштагы Кожокановго ырайым берилип, бир жылдык жазасы кыскарып эркиндикке чыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Замирбек Кожокановдун учурдагы абалы, жашоосу тууралуу өзү менен сүйлөштү.

— Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Бишкекте курулуш тармагында иштеп жүрөм. Мурдатан эле курулушта ички жасалгалоо, евроремонт менен алектенчүмүн. Азыр иштеген жеримде эле жатып, көп кабаттуу үйдөгү батирдин ичин жасап жатабыз.

— Үй-бүлөңүз Токмоктобу?

— Ооба, эки кызымды апам карап жатат. Эки кыз, бир уулум бар. Келинчегим менен кичүү уулумду эки жылдан бери көрө элекмин. Аялым менен таарынышып кеткенбиз. Эми ага ар кандай себептер болуп калды. Убактылуу кармоочу жайда жатканымда бир эле жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Ошондон кийин байланышкан жокпуз. Абактан чыккандан кийин издеп барган да жокмун. Баргым да келген жок.

Чыңгыз Анарбек уулу: качпасам өлтүрүп коюшмак

— Көңүлүңүз ооруп калган окшойт?

— Ошондой болуп калды. Көчөдөн көрүп калсам деле артынан чуркап барбайт болчумун. Азыр баары жакшы, кыздар ата-энемдин колунда. Иштерим деле, кудай буюрса, жакшы болуп жатат.

— Апаңыз сиз камалганда насыя алганын айтып жатты эле…

— Азыр карыздардан толук кутула элекпиз. Бир аз бересем бар. Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда жатканда тергөөчүгө дос балам 20 миң сом берген. 

— Кандайча тергөөчүгө акча бердиңер?

— Токмокто жатканда тергөөчү камераны ачып туруп "сотко сүйлөшүп, абактан бошоттуруп берем" деп 20 миң сом сураган. Мен дароо дос балама байланышып, ал машинасын күрөөгө коюп, эртеси эле акчаны алып келип берген. Көрсө мени алдап коюшуптур. Ошентип досум кийин тергөөчүгө чалып жүрдү. Ал акыры номерин алмаштырып койду окшойт, өчүк болуп калды.

— Абакта толук бир жыл отурдуңузбу?

— Жок, бир жарым жыл отурдум. Беш жыл менен "централкага" (СИЗО-1 — ред.) киргем. Ал жактан бир ай өтпөй эле Бакыт жана Тилек (Тилек Мамбетов — ред.) деген эки адвокат мени облустук сотко чакыра баштады. Ошол эки адвокатым чуркап жүрүп, беш жылды эки жарым жылга кыскартып берди. Андан кийин Жалал-Абаддагы абакта 1,5 жыл отургандан кийин, так датасы эсимде жок, бир күнү эле микрофондон фамилиямды айтып чакырды. Барсам, адвокатым Тилек Мамбетов президентке кайрылып, жаза өтөөчү бир жылымды алдырып бергенин айтышты.

Токмоктогу дарыканадан акча уурдай качкан жигитке ырайым кылынды

— Сизди алгач беш жыл эркиңизден ажыратуу менен кошо 70 миң сом айып салды эле. Кийин 50 миң сомго азайган…

— Ооба, аны да төлөдүм. Ишимди тергөөчү, орусча айтканда, чалды-куйду толтуруп салыптыр да. Мурда бандиттер менен байланышы болгон өңдүү жалаа жаап салышкан экен. Бирок сотто мурун армияда кызмат өтөгөнүм, үй-бүлөлүк абалым каралды.

— Ошол каргашалуу күнү балаңыз аябай ооруп жатты беле? Эмнеге мындай ишке баргансыз?

— Ошол күнү акчага аябай муктаж болуп калдым. Бир жерде иштеп, ал жактан да иштеген акчамды бербей алдап кетишти. Негизи ал күнү ошол кишини издеп жүргөм. Ортодон бирөөлөргө жолугуп ачуум менен бир аз ичимдик да ичип алгам. Иччү эмесмин. Балам да грипп болуп ооруп жаткан. Анан ушундай окуя болуп кетти.

— Кыздарды жалгыз багып, бир чети сизге чуркап ортодон апаңыз кыйналыптыр. Сиз жалгыз уулсузбу?

— Жок, жети бир тууганмын. Эки эркек, беш кыз. Ата-энем пенсия курагындагы адамдар. Мен үй-бүлөм менен бөлүнүп, Токмоктун кичи районунда батирде турчумун.

— Баарынан кыйыны эмне болду?

— Башымдан өткөн күндөрдүн ичинен эң кыйыны соттолуп кеткеним, беш жылга эркимден ажыратуу тууралуу соттун чечимин угуу болду. Кийин 2,5 жыл бергенде беш жылга караганда шүгүр дедим. Жаза өтөө мөөнөтүмдүн бир жылы кыскартылган соң эки айдан кийин абактан чыктым. Азыр толугу менен пробация да бүттү. Айдын башында жана аягында келип турасың дешкен. Ушул жылдын 18-августунда Жалал-Абаддан бошоп чыктым. Кечинде коё берди. Алар да убакыт-сааты менен чыгарат экен. Анан ошол жакта отурган балдар жардам беришти, үйдөгүлөр акча салып маршрутка менен Чүйгө келип алдым.

"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек

— Алгач кандай сезимде болдуңуз?

— Бошоп чыкканда эле эркиндикти сездим. Баа-баркы билинди.

— Алдыда пландарыңыз барбы?

— Эми кайрадан үйлөнүп, жаңы жашоо баштоону чечтим. Балам чоңойсо кийин издеп келер. Кыздарымды багып эле өз алдымча жаңы жашоо баштайм.

— Абактан кийин кандай ойдо калдыңыз?

— Баарын акча чечип калыптыр. Оор кылмыш кылган адам деле акчасы болсо кутулуп кетет турбайбы. Абакта деле кээ бир балдар менен сүйлөшүп калдым. Ал жакта деле ак жеринен отургандар бар. Көчөдө кетип бара жаткан жеринен кармалып, кылмышты мойнуна алып калган. Айтор, оор тагдырлар көп экен.

17
Белгилер:
акча, Жалал-Абад, абак, Токмок, сот
Тема боюнча
Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын
Беткап кийип мектепке бараткан окуучулар. Архивдик сүрөт

Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды

72
(жаңыланган 14:00 24.10.2020)
ДССУ жетекчисинин айтымында, дүйнө COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турат. Өзгөчө түндүк жарым шары абдан кооптуу абалда.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемия өтө күчтүү болорун айтып, өлкөлөргө мектептерди жабууну сунуштады. Бул тууралуу жетекчинин Женевадагы брифинги учурунда сөз болду.

“Азыр биз COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турабыз. Өзгөчө түндүк жарым шары, айрым мамлекеттер абдан кооптуу абалда. Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасында ресурстар түгөнүшү ыктымал. Андыктан дүйнө лидерлери өлүмдүн санын азайтууга аракет кылышы керек. Мектептерди дагы жаап туруу зарыл”, — деди Гебрейесус.

Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү

Мындан улам уюм жетекчиси элге так маалымат берип, муктаж болгондорго жана бизнеске болушунча жардам көрсөтүү керектигин кошумчалады.

72
Белгилер:
ден соолук, мектеп, пандемия, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги
Өкмөттө мектептердеги окуу жана эпидемиологиялык абал талкууланды