Президент Алмазбек Атамбаев. Архив

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык абалы жакшыртылат

44
(жаңыланган 10:25 11.08.2015)
Өлкө башкысы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кажылык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине көп батирлүү үйдү тапшыруу аземине катышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык-экономикалык абалын жакшыртууга, турукташтырууга жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

44
Белгилер:
Мыйзам, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Ниязалиева: эс алуучу жайлардагы баанын жасалма төмөндөтүлүшү салык көлөмүн азайтууда
Пикирлер