Полтавкадагы чатактын натыйжасы. Архив

Полтавкадагы элдин ортосуна от жакканга кызыккан тараптардын бар-жогу текшерилет

113
(жаңыланган 10:42 11.08.2015)
Маматалиев элди бөлүп-жарып, туруктуулукка доо кетирип, коомдук тартипти бузганга жана коомдук-саясий кырдаалды курчутканга аракет кылгандарга кескин бөгөт коюлат деди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Полтавкадагы чатакта үчүнчү күчтөрдүн катыштыгын тыкыр текшерип чыгууга Ички иштер министрлигинин жетекчисине тапшырма берип, ал эми Улуттук коопсуздук комитетине бул ишти көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты.

Маматалиев дүйшөмбү күнү Полтавка айлынын жашоочулары менен жолугуп, тартип коргоо жана жергиликтүү бийликтин органдарынын жетекчилеринин 2015-жылдын 7-августундагы болгон чатак боюнча маалыматын укту. 

Вице-премьер коомдук-саясий абалды олку-солку кылууга кызыккан тараптардын бар-жогун текшерип чыгууну күүч түзүмдөрүнө тапшырды. 

Ал элди бөлүп-жарып, туруктуулукка доо кетирип, коомдук тартипти бузганга жана коомдук-саясий кырдаалды курчутканга аракет кылгандарга чечкиндүү бөгөт коюлат деди.

"Бул боюнча күнөөлүү деп табылган адамдар мыйзамдын бардык талаптарына ылайык жазага тартылат. Өлкө жетекчиси мындай чатакты болтурбоо жана алдын алуу үчүн көзөмөлдөп, байкоого алып турат", — деди Маматалиев.

Ал жергиликтүү бийлик органдары айылдын жашоочуларынын арасында мындай чатакты болтурбоо жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жасабай жатат деп айтты. Аткаминер алардын ээлеген кызматы боюнча маселени да кабыргасынан койду.

Премьер-министр Темир Сариев 10-августта Полтавка айылындагы окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, окуяга катышкандарды жана ага жол бергендерди жоопко тартууну тапшырган. 

Чүй облусунун Полтавка айылында 10дон ашык үйдү жаш балдар түн ичинде таш кесекке алып, үйлөрдүн айнектери менен автоунааларды талкалап кетишкен. Жабырлангандардын өкүлү 74 жаштагы алайлык аксакал Кайыпкул Жунусов ташка алынган үйлөр Ош жана Жалал-Абад облусунан көчүп келгендерге таандык экендигин билдирген.

113
Белгилер:
Чыр-чатак, Кайыпкул Жунусов, Абдырахман Маматалиев, Темир Сариев, Полтавка айылы
Тема боюнча
Сариев: 12-августтан тарта кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү алынат
Пикирлер