Бишкек жылуулук тармагы ишканасынын автоунаасы. Архив

Карызы барларга эми сары кагаздар келет

27
(жаңыланган 10:47 11.08.2015)
Сууну колдонгондугу үчүн үч айдан ашык акча төлөбөй, карызы топтолуп кеткендерге эми сары кагаздар келе баштайт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы абоненттерге үч айдан ашык карызы жөнүндө сары түстөгү баракчалар менен эсине салат. Бул туурасында ишкананын маалымат кызматы билдирди.

"Бишкек жылуулук тармагынан" жакынкы арада Бишкектин жашоочуларына жылуулук жана ысык суу үчүн карыздары болсо, эскерткич иретинде сары түстөгү кагаздарды жөнөтө баштарын айтышты.

Түстүү кагаздар үч айдан ашык карызын төлөй элек шаардыктардын квартираларына келет.

Ишканадан мындай ыкма бир жылдан бери колдонулуп келе жатканын, түстүү кагаздар унутчаак абоненттерге карызын эске салууга жакшы жардамчы болорун кошумчашты.

27
Белгилер:
дүмүрчөк, карыз, Бишкек жылуулук тармагы, Бишкек
Тема боюнча
Салык төлөөчүлөрдүн карызы акырындап эсептен чыгарылат
Салык кызматы карызы көп ишканалардын атын атады
Пикирлер