Премьер-министр Темир Сариев Коргоо министрлигине караштуу Тиричилик тейлөө комбинатында болду.

Сариев аскер формасынын жаңы үлгүлөрүн көрүп, тигүүчүлөргө сунуштарын айтты

90
(жаңыланган 14:27 11.08.2015)
Премьер учурда президент жана өкмөт Куралдуу күчтөргө өзгөчө көңүл буруп, жоокерлердин күжүрмөн маанайын көтөрүү, аскердин коргоо жөндөмүн, материалдык-техникалык негиздерин чыңдоо боюнча иштиктүү аракеттер жасалып жатканын айтты.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Коргоо министрлигине караштуу Тиричилик-тейлөө комбинатында болуп, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана аталган министрликтин өздүк курамынын жаңы аскер формаларынын үлгүлөрү менен таанышты. Ал жерде иштегендер менен баарлашты.

Куралдуу күчтөрүнүн аскердик формалары. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Премьер учурда президент жана өкмөт Куралдуу күчтөргө өзгөчө көңүл буруп, жоокерлердин күжүрмөн маанайын көтөрүү, аскердин коргоо жөндөмүн, материалдык-техникалык негиздерин чыңдоо боюнча иштиктүү аракеттер жасалып жатканын айтты.

Сариев комбинаттын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, келечекте аскер кызматкерлеринин формасы менен катар айылдагы турмуш тиричилик үчүн ыңгайлуу кийим-кечек тигүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Комбинат КРдин Куралдуу күчтөрүн реформалоонун алкагында 2013-жылы түзүлгөн. Коргоо министрлигинин Түркия жана Кытай менен аскердик-техникалык кызматташтык долбоорлорунун негизинде тигүү жабдыктары алып келинип, учурда толук кандуу иштеп жатат. Учурда комбинатта 50дөн ашык адам эмгектенип, бир нөөмөттө 120 комплект аскер формасы тигүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

90
Белгилер:
Коргоо министрлиги, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы, Темир Сариев
Тема боюнча
Кыргыз армиясынын жүзү. Куралдуу күчтөрдүн кийимдеринин жаңы үлгүсү
Пикирлер