Кыргызстандын жарандыгынан 175 киши чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарандыгын берүү, жарандыгынан ажыратуу жөнүндө эки жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жарандыгынан 175 киши ажыратылып, КР жарандыгын 689 киши алды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын жарандыгын алгандардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар улутундагылар. Башкача айтканда, Өзбекстандын жана Тажикстандын мурдагы жарандары.

Жаңылыктар түрмөгү
0