Кыргызстанда 31 млн. сом битир-садага чогулган

Жазылуу
Учурда битир-садага таратуу иштери улантылып жатканын Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан билдиришти.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Быйылкы жылы өлкө аймагынан чогултулган битир-садаганын жалпы суммасы 31,1 миллион сомду түздү деп Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгы билдирди.

Кыргызстандын Муфтият башчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият муктаж кишилерге чогулган битир садаганы таратууда
Өлкө аймагы боюнча алганда эң көп сумма — 5 миллион 960 миң сом Ош облусунда, андан кийин Жалал-Абад облусунда 4 миллион 408 миң сом топтолгон. 

Ал эми Бишкек шаарынын борбордук мечитине 3 миллион 87 миң сомдук битир-садага ташташкан.

Учурда битир-садага таратуу иштери улантылып жатканын Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан билдиришти. 

"Каражат ар кандай түрдө бөлүнүп жатат, бир катар тараптарга акча түрүндө берилсе, айрымдары азык-түлүк түрүндө таратылууда. Маселен, Баткен, Жалал-Абад облустарында тамак-аш түрүндө берүүнү суранышкандыктан, казылыктын кызматкерлери алар айткандай кылып жеткирип беришкен. Учурда чогулган каражатты муктаж болгондорго таратуу улантылып жатат", — деп билдирди муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Максат Мамбеталиев. 

Ош облустук казыяты ислам окуу жайларына садага-битирден акча бөлдү
Буга чейин Ош облустук казыяты садага-битирден чогулган каражатты жетим-жесирлерге, ислам окуу жайларынын окуучуларынын санына бөлүп жатканын билдирген. 

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын токтомуна ылайык, чогултулган битир-садаганын 50 пайызы мечиттерде калат. 15 пайызы райондук баш имам хатиптерде, 15 пайызы облустук казыятта жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт. 

Республиканын аймактарында чогулган битир-садаганын суммасы төмөндөгүдөй:

 

  • Бишкек казыяты — 3 миллион 93 миң; 
  • Бишкек борбордук мечити — 3 миллион 87 миң;
  • Ош шаары — 1 миллион 76 миң;
  • Ош облусу — 5 миллион 960 миң;
  • Жалал-Абад облусу — 4 миллион 408 миң;
  • Чүй облусу — 3 миллион 179 миң;
  • Баткен облусу — 2 миллион 531 миң; 
  • Нарын облусу — 2 миллион 599 миң; 
  • Ысык-Көл облусу — 3 миллион 24 миң; 
  • Талас облусу — 2 миллион 157 миң.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0