Боомдо калгандар жардам сурап жатышат

© Бекжан СагынбаевБоом капчыгайында жолдогу окуядан улам, автотыгында калгандар. Архив
Боом капчыгайында жолдогу окуядан улам, автотыгында калгандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боом капчыгайында кум, шагыл эшилип түшүп жолду жаап калгандыктан, орто жолдо калгандар жанына салып кетип бараткан дарбыздарын жеп, сууларын ичип бүтүштү. Жүргүнчүлөрлөр көчмө дүкөн уюштурууну сурап жатышат.

БИШКЕК, 12-авг — Sputnik. Боом капчыгайында жолдогу окуядан улам, автотыгында калгандар жол тазаланганга чейин күтүүгө мажбур. Андыктан эл көчмө дүкөн уюштурууну сурап жатышат. 

Боом капчыгайы аркылуу өткөн Боом-Балыкчы жолуна кум, шагыл эшилип түшүп, жол тосулуп калган. Анын кесепетинен бир нече чакырымга созулган автотыгын жаралган. Бактыга жараша, зыянга учураган адамдар жок. 

"Ысык-Көлгө бараткан жолдо сатып алган дарбыяздарыбызды жеп, жаныбыздагы суубузду түгөттүк. Ысыкта калгандыктан, көчмө дүкөн уюштурууну суранабыз", — деди жүргүнчүлөрдүн бири. 

Учурда Транспорт жана байланыш министрлиги жолду тазалап жатат. 

Аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетовдун айтымында, Бишкек жактан алып эсептегенде, мындан бир саат мурда бир чакырымга жакын автотыгын жаралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0