Боом капчыгайында бара жаткан автоунаа. Архив

Боом капчыгайы толук тазаланды

90
(жаңыланган 13:48 13.08.2015)
Жолду жаап калган кум, шагыл түнү менен тазаланды

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымында тоодон эшилип түшкөн кум, шагыл толугу менен тазаланганын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

12-августта Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымында тоодон кум, шагыл эшилип түшүп, жолду тосуп калган. Анын узундугу 30 метрди түзүп, бийиктиги 20-25 метрге жеткен. Анын кесепетинен жолдун эки тарабы тең тосулуп, автотыгын пайда болгон. Көп деген акырымга созулган автотыгын түн ортосунан тарта суюлган.

Маматалиевдин айтымында, тазалоо иштери түнү бою жүрүп, таңкы саат алтыга чейин улантылган. Учурда жол эки тарапка тең толугу менен ачылды.

"Биринчи кезекте түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн элден кечирим сурайбыз. Азыр жарандар тоскоолдуксуз өтө алышат. Учурда Транспорт жана байланыш министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын чоо-жайын иликтөөдө", — деди вице-премьер-министр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, эшилип түшкөн тоо тектеринин көлөмү 12 миң кубометрди түзгөн.

90
Белгилер:
Боом, Абдырахман Маматалиев, өкмөт
Тема:
Боом капчыгайына түшкөн кум, шагыл жолду тосуп калды (14)
Тема боюнча
Чаң, кыйкырык — Боом капчыгайындагы тоодон кулаган кум-шагыл жолду тосуп калды
Боронов: Транспорт министрлиги Боом капчыгайындагы иштерди эскертпей туруп баштаган
Москва метросунда полиция кызматкерлери. Архив

Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп

15
(жаңыланган 13:53 03.08.2021)
Буга чейин Россиянын Москва шаарында 180дей мигрант мушташкан. Бул боюнча жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандыктар болгон.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактардагы "кыргызстандыктарды РФте массалык түрдө текшерип жатышат" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

"Учурда Россиянын компетенттүү органдары "Кузьминки" метросунда болгон окуяга катыштыгы болушу мүмкүн делген чет элдиктерди издөөсүн улантууда. Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган", — дешти элчиликтен.

Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды текшерүү иштери дагы болуп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаранды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон.

15
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, жаран, текшерүү, элчилик
Тема боюнча
Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат
Кыргызстандыктар Москва — Казань жолун салып иштемекчи
Шире. Архив

Адамды өлүмгө кептеген эртең мененки терс адаттар

97
(жаңыланган 12:45 03.08.2021)
Тамактануу жаатындагы адистер ден соолукка зыян келтирип албаш үчүн эртең менен кайсы тамактардан баш тартуу керектигин санап берди.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Эртең мененки тамактанууга байланыштуу кайсы адаттар адамдын ден соолугуна чоң залака келтирерин адистердин пикирине таянып "Московский комсомолец" басылмасы жазды.

Таңкы азыктардан баш тартуу

Эртең мененки тамак — саламаттык үчүн өтө маанилүү процесс. Күн бою адам кандай маанайды жүрөрү дал ушул тамактанууга байланыштуу болот. Ошондой эле эртең менен наар албаган адамдарда ашыкча салмак пайда болушу толук ыктымал.

Анткени эртең менен тамактанган организм калорийлерди бат сарптайт, глюкозанын деңгээли төмөнүрөөк болот. Ошондой эле күндүн алгачкы азыктарынан баш тарткан кишилерде жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болушу мүмкүн.

Колбаса

Колбасаны көпчүлүк диетологдор зыяндуу тамак деп эсептейт. Эртең менен гана эмес, башка учурларда деле күнүнө 25 граммдан ашык колбаса жеген адамда жоон ичеги рагына кабылуу тобокелдиги жогорулай турганы айтылат.

Тамакка чейинки кофе

Британиялык окумуштуулардын айтымында, тура калып кофе ичүү кандагы глюкозаны көбөйтүп жиберет. Андыктан ач карын кофе ичүү сунушталбайт.

Шире

Жер-жемиштин жаңы же кант кошулган ширесин таң атпай ичүү кант диабетинин пайда болуу тобокелдигин 16 пайызга жогорулатат. Андыктан эртең менен клетчаткага бай жемиштердин өзүн жегенден өтөрү жок.

97
Белгилер:
тамак-аш, ден соолук, азык-түлүк, зыян, пайда
Тема боюнча
Дарыгер бөйрөктөгү ташты пайда кылчу азыктарды атады