Сариев кыргыз-казак чек ара аймагы ачылгандан кийинки абалды текшерүүгө тапшырма берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев "Ак-Жол" чек ара пунктунда. Архив
Премьер-министр Темир Сариев Ак-Жол чек ара пунктунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин аймактык башкармалыктары Талас облусундаы жана Түп-Кеген жолунда жайгашкан чек ара пункттарында текшерүү иштерин жүргүзмөкчү.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратовго өлкөнүн чек ара өткөрмө пунктарындагы абалды текшерип чыгуу тапшырмасын берди. 

Атамбаев: бажы көзөмөлү алынсын! Бажы көзөмөлүн алуу учурундагы аземден көрүнүш
Берилген тапшырмага ылайык, Экономика министрлиги Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Мамлекеттик Бажы жана Салык кызматтары, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү менен бирге Чүй облусунда жайгашкан чек ара өткөрмө пунктары менен таанышып чыгат. Ага кошумча, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагы ачылгандан кийинки абал да текшерилетт. 

Премьер-министрдин тапшырмасы менен атайын топ түзүлгөн нөөмөт бөлүктөрүнүн кандай иштеп жатканын карап чыкмакчы.

Экономика министрлигинин аймактык башкармалыктары Талас облусунда жана Түп-Кеген жолунда жайгашкан чек ара пункттарында да жогорудагыдай иштерди жүргүзмөкчү. 

Буга чейин Сариевдин тапшырмасы менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы ачылган соң жаралчу маселелерди токтоосуз чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган нөөмөт бөлүктөрү түзүлгөн. Аталган бөлүктөр чек ара ачылгандан тарта эки жума бою абалга көз салмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0