"Ата-Бейитке" Үркүндө курман болгондордун мемориалы орнотулат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси. Архив
Ата-Бейит мемориалдык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мемориал 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө мааниге ээ экендиги белгилейт.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорго арналган мемориал орнотулат. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы чыкканын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жүз миңдеген адам курман болгон 1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздын урунттуу, бурулуш мезгили болуп калды. Улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө жана андан кийин болгон Үркүндө курман болгондор Кыргызстан элинин мамлекеттүүлүктү түптөөгө умтулуп курман болгон инсандары менен бир катарда турушу керек. Алардын жаркын элесине арналган эстеликти "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында орнотуу комплексти өнүктүрүүдөгү мыйзам ченемдүү иш болот", — деп айтылат билдирүүдө. 

Анда бул мемориал 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө мааниге ээ экендиги белгилери айтылат.

Сариев: Үркүндү эскерүү менен урпактык милдетти аткарышыбыз зарыл
Жарлыктын негизинде, 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалынын негизги курулмаларын 2016-жылдын августуна чейин долбоорлоо жана куруу өкмөткө тапшырылган.

Андан сырткары, аталган мемориалдын аймагында 1916-жылы үркүндө курман болгон белгисиз мекендешибиздин сөөгүн коюу чечими кабыл алынды. 

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын май айында "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" Жарлыкка кол койгон. Бул дата боюнча бир топ иш-чаралар белгиленип, анын алкагында бир катар эл аралык маанидеги илимий-конференцияларды өткөрүү пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0