Чоң-Өрүктүдө абал тынч, эл тарады, кылмышка шектүү беш киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыккан чырдан каза болгон кишинин туугандары менен тарапкерлери окуядан кийин радон суусу чыккан жайдын ээсинин эки автоунаасын жана үйүн өрттөп жиберген.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Учурда Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылында абал тынч, түшкө жакын чогулган эл тарады. Киши өлүмүнө себепкер деп шектелген беш киши Ысык-Көл райондук убактылуу камоо жайына киргизилди. Бул туурасында Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмил Салиев Sputnik маалымат агентигине билдирди.

Анын айтымында, каза болгон кишинин туугандары менен тарапкерлери окуядан кийин суу чыккан жайдын ээсинин эки автоунаасын жана үйүн өрттөп жиберишкен.

"Түшкө жуук чогулган 300гө жакын киши тарап кетти. Эл менен жолугушууга өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, облустук тартип коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин жетекчилери катышып, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Учурда адам өлүмүнө шектүү делген беш киши Ысык-Көл райондук убактылуу камоо жайына отургузулуп, кылмыш иши козголду",— деди Салиев.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Өрүктүдөгү өлүм айылдык кишини сууга киргизбей койгондон келип чыккан
Анын айтымында, кайгылуу окуя каза болуп калган киши достору менен келип, радон суулары чыккан жайга акысыз киргизүүнү талап кылгандан башталган.

Бүгүн Чоң-Өрүктү айылындагы жер алдынан чыккан ысык суусу бар аймакка киргизбей койгондуктан, чыр чыгып, чатактан коңшу айылдын 28 жаштагы жашоочусу каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев билдирген. 

Өкмөт башчысы Темир Сариев иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер министри Мелис Турганбаевге, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевге чатак болгон жерге барып, окуянын чоо–жайын билүүгө тапшырма берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0