Ош шаары кышка даярданып жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр жүктөө. Архив
Көмүр жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэри Ош шаардык "Жылуулук камсыздоо" ишканасына караштуу 63 отканага быйылкы жылытуу мезгилине керектелүүчү 9,6 миң тонна көмүр сатып алынып жаткандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ош шаарын "Жылуулук камсыздоо" муниципиалдык ишканасынын отканалары быйылкы кыш мезгилин өткөрүүгө 70 пайызга даяр. Бул туурасында ишкананын жетекчиси Рысбек Нурдинов билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Керме-Тоо аймактык кеңешиндеги "Көкүмбий", "Анар-1" отканаларынын абалы менен таанышты.

"Былтыркы жылы жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы Ош шаарына кыянаттык кылып ушул отканага келүүчү 25 миңдик көмөк чордонун башка жакка жылдырып жиберишкен. Анын айынан өткөн жылытуу мезгилинде бир топ кыйынчылыктар болгон эле. Быйыл да андай маселе кайталанбашы үчүн азыртадан эскертип коёюн. Ош шаарынын эли шалаакы жетекчилердин айынан суукта калбашы керек", — деди Кадырбаев.

Шаар мэри "Жылуулуккамсыздоо" ишканасына караштуу 63 отканага быйылкы жылытуу мезгилине керектелүүчү 9600 тонна көмүр сатып алынып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0