Биометрикалык маалыматтарды текшерүү. Архив

Биометрикалык маалымат иш күнү аяктагандан кийин да кабыл алынат

(жаңыланган 17:33 17.08.2015)
Маалыматка ылайык, эми биометрикадан "Космопарк", "ЦУМ", "Беш-Сары-Сити", "Бишкек Парк" жана "Боорсок" соода түйүндөрүнөн өтүүгө болот.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында биометрикалык маалымат иш күнү аяктагандан кийин да кабыл алына турганын Мамлекеттик маалымат кызматы билдирет.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Свердлов райондук администрациясында жана Бишкектин беш ири соода түйүндөрүндө биометрикалык маалымат чогултуу пункттары ачылды. 

Маалыматка ылайык, эми биометрикадан "Космопарк", "ЦУМ", "Беш-Сары-Сити", "Бишкек Парк" жана "Боорсок" соода түйүндөрүнөн өтүүгө болот. Мындан тышкары, биометрикалык маалыматты шейшембиден ишембиге чейин саат 9.00дөн 22.00гө дейре Свердлов райондук администрациясы да кабыл алат. 

Биометрикалык каттоодон каалаган пункттан акысыз өтүүгө болот. Мында КР жарандыгын тактай турган паспорттун болушу зарыл.

Белгилер:
соода тармактары, Биометрикалык маалыматтар, Мамлекеттик каттоо кызматы, Бишкек
Тема:
Калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жараяны кызуу жүрүүдө (64)
Тема боюнча
Кадырбаев: шайлоону үзгүлтүккө учуратпаш үчүн биометрикалык каттоону күчөтүү абзел
МКК биометриканы текшерүү учурунда дал келбестиктердин себебин түшүндүрдү
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Мамытов Санкт-Петербургда мекендештер менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин Парламенттик ассамблеядагы өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Встреча торага Жогорку Кенеша Таланта Мамытова с соотечественниками в Санкт-Петербурге
    Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба ЖК
1 / 3
© Фото / пресс-служба ЖК
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.

"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.

Белгилер:
жолугушуу, мигранттар, жыйын, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Мамытов КМШ парламенттерин коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта