Кыргызстандык 100 курсант чет өлкөдөн билим алат

Жазылуу
Чет өлкөлөрдө аскердик билим алуу эл аралык аскердик кызматташтыктын чегинде ишке ашырылып келет.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институнун чегинде чет өлкөлүк аскердик жогорку окуу жайларына тапшырган курсанттардын аскердик ант берүү аземи болуп өткөнүн Башкы штаб билдирет.

Чек ара кызматынын 240 аскери мекенге кызмат өтөө үчүн ант берди
Маалыматка ылайык, бул жолу 100гө жакын курсанттар Азербайжан, Казакстан, Кытай, Россия жана Түркиянын аскердик билим берүүчү ЖОЖдорунан билим алышат.

Аскер институтунун жетекчиси генерал-майор Ырыскелди Мусаев курсанттарга ийгилик, туруктуулук жана чыдамкайлык каалады. 

Эске сала кетсек, чет өлкөлөрдө аскердик билим алуу эл аралык аскердик кызматташтыктын чегинде ишке ашырылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0