Ниязалиева: чет жерден иштеп тапкан акчаны Кыргызстандан да табууга болот

Жазылуу
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы жарандарды жумушка орноштуруу борборунда учурда жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдардан 4500 вакансия бар. Маалыматка ылайык, борбор 20 жеке агенттик менен кызматташат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жарандарды чет жерге жумушка жөнөтүп жатып, өкмөт алардын бардык тийиштүү шарттар менен камсыздалганын билиши керек деди КРдин жарандарын жумушка орноштуруу борборунун иши менен таанышып жатып вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

Чиновник калкты маалымат менен камсыз кылуучу бирдиктүү терезенин иши, тренинг борбору жана Кореяга кетүү үчүн Бишкекте туруп он-лайн аркылуу корей тили боюнча экзамен тапшыра турган тестирлөө борборун көрдү.

Ниязалиеванын айтымында, калктын борбор аркылуу болгон вакансиядан тез арада жана тоскоолдуксуз жумуш табууга мүмкүнчүлүгү болуш керек. 

"Жарандарды жумушка орноштуруу борбору Бишкектеги эле эмес, аймактардагы компаниялар менен иштешүүсү керек. Мисалы, Ысык-Көлдөгү пансионаттар кесипкөй адистерге муктаж болуп турат. Демек, жарандарыбыз чет-жакка кетпестен, ошол эле акчаны Кыргызстандан таап алса болот", — деди вице-премьер.

Ниязалиева маалымат жеткиликтүү болушу үчүн бош орундар жөнүндө маалымат сайтка борбордун адистери менен биргеликте уюмдардын, компания, ишканалардын кадр бөлүмү аркылуу да жайгаштырылышы керектигин белгиледи.

"Борбор талап кылынган адистиктерди көзөмөлдөп турушу зарыл. Бул бюджеттик негизде билим берип жаткан окуу жайларга мамлекеттик заказ кылууга шарт түзөт. Биз эмгек рыногуна беттеп, жаштарды керектүү кесипке үйрөтүшүбүз керек", — деди чиновник.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы жарандарды жумушка орноштуруу борборунда учурда жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдардан 4500 вакансия бар. Маалыматка ылайык, борбор 20 жеке агенттик менен кызматташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0