Англис тили мугалимдери мыкты сапаттагы методикалык материалдар менен камсыздалат

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүМектепте англис тили сабагы. Архив
Мектепте англис тили сабагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариева аталган методикалык материалдардын негизинде англис тили окуу, жазуу, аудио аркылуу үйрөтүлө турганын кошумчалады. Анын айтымында, мугалимдер үчүн атайы колдонмолор текшерүүдөн кийин кеңири пайдалануу үчүн Билим берүү министрлигинин сайтына жайгаштырылат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанда англис тили мугалимдери үчүн мыкты сапаттагы кошумча методикалык жана окуу материалдары бериле турганын Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева билдирди.

Кыргыз тили китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилин Казакстанда жаңы окуу китеби менен үйрөтөт
Маалыматка ылайык, учурда аталган министрлик электрондук окуу куралдарын өнүктүрүү боюнча иштерди улантып жатат. Мунун алкагында мекеме англис тили мугалимдерин колдоо боюнча долбоорду камтыган British Council кеңеши менен кызматташууда. Долбоор мугалимдердин электрондук окутууну өздөштүрүүсүнө, кеңештин он-лайн ресурстарын пайдалануу менен алган билимин иш жүзүндө колдонуусуна багытталган.

Сариева учурда "Кыргызтесттин" алты деңгээли ишке киргенин, ушундай эле иш орус тили боюнча да жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

"Министрликтин жумушчу тобу британиялык кеңеш менен кызматташуунун негизинде бардык курактагы жарандар үчүн биздин программага ылайык келген англис тилин үйрөнүү боюнча окуу материалдарын тандап алды. Эми 3-11-класстын мугалимдери мыкты сапаттагы окутуу материалдарын акысыз пайдалана алышат", — деди министр.

Сариева аталган методикалык материалдардын негизинде англис тили окуу, жазуу, аудио аркылуу үйрөтүлө турганын кошумчалады. Анын айтымында, мугалимдер үчүн атайы колдонмолор текшерүүдөн кийин кеңири пайдалануу үчүн Билим берүү министрлигинин сайтына жайгаштырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0