Өкмөт Чычкандагы өрттү өчүрүү үчүн коңшу мамлекеттерден тик учактарды суроодо

© пресс-служба МЧС КРычкан капчыгайындагы өрт. Архив
ычкан капчыгайындагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт чыккан жер тоолуу аймак болгондуктан, ал жакка атайын техниканы жеткирүү кыйын болууда. ӨКМ Кыргызстанда өрт өчүрүүчү тик учактар жок экенин белгилейт.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү коңшу өлкөлөргө өрт өчүрүүчү тик учактар боюнча көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Чычкан капчыгайындагы өрт Бишкек-Ош унаа жолунун 251-чакырымында чыккан. Учурда 100 гектарга жакын жер күйүп жатат. 

Шаршемби күнү премьер-министр Темир Сариев Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү боюнча ыкчам аракет көрүү тапшырмасын берди. 

Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов: Чычкандагы кооптуулукту күйүп жаткан чымдар жаратып жатат
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө 500дөн ашык өрт өчүрүү кызматкери тартылган. Бүгүн кошумча түрдө 223 кызматкер тартылды.

Ошондой эле Токтогул райондук мамлекеттик администрация жетекчилигине өрттү өчүрүүгө көмөктөшүүгө жергиликтүү калкты мобилизациялоо тапшырмасы берилди.

Өрт чыккан жер тоолуу аймак болгондуктан, ал жакка атайын техниканы жеткирүү кыйын болууда. ӨКМ Кыргызстанда өрт өчүрүүчү тик учактар жок экенин белгилейт.

КР өкмөтү Чычкан капчыгайындагы өрт айрым адамдардын жоопкерсиз жана кайдыгер мамилесинен келип чыккандыгын эскертип, бардык жарандарга табияты сактоого жана ага этият мамиле кылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0