Мүмкүнчүлүгү чектелген кызды куткарып, өзү чөгүп кеткен Исмаевдин үй-бүлөсү жардам алат

Жазылуу
Өкмөт башчы каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Темир Сариев адам өмүрүн сактайм деп каза тапкан Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө мамлекеттик көмөк көрсөтүүнү тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Полковник аскердик наамы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланы куткарам деген офицер Ысык-Көлгө чөгүп кетти
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, кыз куткарылган соң ал өзү каза болгон.

Өкмөт башчы каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин белгиледи.

"Мындай эрдик жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүү үчүн үлгү болушу керек", — деди Сариев.

Премьер-министр  Өзгөчө кырдаалдар министрине бул сыяктуу окуяларды тактап, мамлекеттик жардам көрсөтүү жагын эске алуу тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0