БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкекте бүгүн экстремизге каршы күрөшүүдө аялдардын ролу жана бул жааттагы тажрыйбаларынын Борбор Азиялык өлкөлөрдө колдонулушу боюнча эл аралык эки күндүк форум башталат.
Анын максаты — мамлекеттик бийлик менен бирге экстремизмге каршы туруунун, аялдардын аялуу катмары ага кошулуп кетишине каршы күрөшүүнүн жолдорун иштеп чыгуу. Андан сырткары, Борбор Азиядагы мусулман аялдардын жамааттарынын ортосундагы өз ара кызматташууну жакшыртуу жолдорун карашат.
Форумга Кыргызстандын муфтийи, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, укук коргоо органдары жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү дин жаатында иш алып баруучу аялдар уюмдары катышат.