Чычкандагы өрттү өчүрүү үчүн Казакстандан бир тик учак келди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТик учак. Архив
Тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык ӨКМдин тик учагы саат 10до капчыгайга учуп кетет. Мындан тышкары, кырсык болгон жерге Башкы штабдын тик учагы жөнөтүлөрү күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир тик учагы "Манас" эл аралык аэропортуна эртең мененки саат 9.00дө келгенин Кыргызстандын ӨКМи билдирет.

Шаршемби күнү өткөн аптада башталган өрттү өчүрүү үчүн Казакстандын эки тик учагы тартылары маалымдалган. Учурда капчыгайдын 100 гектар жери күйүп жатат.

Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө казакстандык эки тик учак пайдаланылат
Өрт катуу шамалдан улам күчөп кетиши мүмкүн экени айтылууда. Бүгүнкү күндө өрттү өчүрүү иштерине 844 адам катышууда, анын ичинде ӨКМ куткаруучулары, жергиликтүү тургундар, Улуттук Гвардия өкүлдөрү, милиция кызматкерлери бар.

Өрт өчүрүүчүлөр менен рация аркылуу байланыш жүрүп жатат, атайы палаткалар тигилип, тамак-аш уюштурулган.

Казакстандык ӨКМ тик учактары саат 10до капчыгайга учуп кетет. Мындан тышкары, кырсык болгон жерге Башкы штабдын тик учагы жөнөтүлгөнү жатат. Учактардын конуусу үчүн Токтогулдун эски аэродрому даярдалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0