Чычкандагы өрткө тик учактар суу чача баштады

© пресс-служба МЧС КРПожар в горах ущелья Чычкана. Архивное фото
Пожар в горах ущелья Чычкана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-августта башталган Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү үчүн Казакстандын ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин тик учактары тартылган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Чыкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү үчүн Казакстандан келген МИ-25 тик учагы Уу-Таш аймагына абадан суу чача баштаганын ӨКМ билдирет. 

Маалыматка ылайык, учурда күйүп жаткан жерге эки рейс жасалды. Суу чачуу караңгы киргенге чейин жүргүзүлөт.

Чычкандагы өрттү өчүрүү үчүн Казакстандан бир тик учак келди
ӨКМ башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Азамат Мамбетовдун билдирүүсүндө, тик учак бир рейсте 10 тонна суу ташый алат.

13-августта башталган Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү үчүн Казакстандын ИИМини Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин МИ-26 үлгүсүндөгү тик учактары тартылган. 

ӨКМ министри Кубатбек Боронов өрт капчыгайдын 100 гектарга жакын жерин кучагына алганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0