Мэрия арыктарды калыбына келтирүү үчүн Скрябин көчөсүндөгү күркөлөрдү алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы арык системасы. Архив
Бишкек шаарындагы арык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арык системасын калыбына келтирүү иштери шаардын Скрябин көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкектин Скрябин көчөсүндө ирригациялык системаны калыбына келтирүү иштерин жүрүп жатканын шаардык муниципалитет билдирет. 

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери аталган көчөнүн Жукеев-Пудовкин жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө жүрүүдө. 

Арыктарды калыбына келтирүүгө тоскоолдук жараткан соода түйүндөрү алынып жатат.

"Оңдоо иштери райондук администрациянын көзөмөлүндө. "Зеленстрой" ишканасы эскилердин ордуна жаңы канал-арыктарды курууда", — деди Октябрь районунун акими Болот Алымкулов.

Мэрия ирригациялык системаны калыбына келтирүү иштери эки жумага созула турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0