Маматалиев Ош облусундагы "Достук" текшерип-өткөрүү жайын жаңылоону тапшырды

© Sputnik / Андрей Иглов / Медиабанкка өтүүСитуация на пропускном пункте "Армянск"
Ситуация на пропускном пункте Армянск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал аталган иш-чара ЕАЭБге кошулуу алкагында жүрүп жатканын жана жумушчу топ тарабынан так, өз учурунда аткарылышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев автоунааларды каттоочу "Достук" текшерип-өткөрүү пунктун техникалык жактан жана зарыл болгон шарттар менен камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык жыйын өткөрдү. 

ЕАЭБ чек арасын Кыргызстан менен Казакстандын президенттери жана премьерлери ачат - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ чек арасын Кыргызстан менен Казакстандын президенттери жана премьерлери ачат
Ал аталган жумушчу топтун алдына коюлган милдеттер ЕАЭБге кошулуу алкагында жүрүп жатканын жана жумушчу топ тарабынан так, өз учурунда аткарылышы керектигин айтты. 

Бажы кызматынын маалыматын уккан Маматалиев, жумушчу топко 24-августтан калбай Ош облусуна барып, "Достукка" жакын жайгашкан аймактар менен үйлөрдү текшерип, караштырып чыгып, аны инфраструктурасын жаңылоону түшүндүрүү зарылдыгын айтты. 

"Достук" өткөрүү пунктун техникалык жактан жабдып жана анын инфраструктурасын жаңылоого байланышкан бардык маселелер, уюштуруу иштери кыска мөөнөттө чечилиши керек",- деди Маматалиев. 

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик. Азыр бул уюмга Армения да мүчө.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0