Британиялык сүрөтчү: мен эми бейиштин төрү кайда экенин билем

© фото предоставлено Джереми Аллменом24 жаштагы Жереми Аллен. Архив
24 жаштагы Жереми Аллен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Францияда жашап, Швейцарияда иштеген түбү венгр британиялык жаш сүрөтчү Кыргызстанда Соң-Көлдүн балыгын жыргап жеп, кыргыз кызы менен турмуш курууну ойлонуп жатканын билдирди.

24 жаштагы Жереми Аллен Sputnik агенттигине Matador Network аттуу басылма үчүн фото, видео тартып акыркы эки жыл ичинде жыйырмадан ашык өлкөдө болгонун айтып берди.

— Кыргызстанга эмне максат менен келдиңиз?

— Иштен кичине бошой калганда Matador Network интернет-басылмасы үчүн саякатка арналган сүрөт, видеороликтерди тартам. Дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнө барып, досуман кокусунан эле Кыргызстан жөнүндө угуп калдым. "Гуглдан" караштырып атып, мамлекетиңерди абдан көргүм келди. Бишкекте болдум, Каракол, Кочкор, Соң-Көл, Арсланбапка чейин барып келдим. Кыргызстан жөнүндө роликти Matador басылмасынан көрүүгө болот.

— Буга чейин канча ролик тарттыңыз?

— Куржунумда Марокко, Барселона жана башка мамлекеттерде тартылган бир нече видео бар. Эми Испанияга кайтайын деп турам. Мындан тышкары, Норвегияны көрүп келсем деген пландар бар.

— Сүрөт тартканды кайдан үйрөндүңүз эле?

— 10 жылдан бери ушул сүрөт менен алекмин. Жакында эле Matador Network университетинин телевидение режиссурасы факультетин аяктадым. Баса, сүрөттөрдү кадимки эле Nikon D5200 фотоаппараты менен тартам. Бул рюкзагыма да батып, ары-бери жүргөндө көп кыйнабайт.

© фото предоставлено Джереми АллменомБританиялык жаш сүрөтчү Жереми Аллен эки жыл ичинде жыйырмадан ашык өлкөдө болгон.
1/3
Британиялык жаш сүрөтчү Жереми Аллен эки жыл ичинде жыйырмадан ашык өлкөдө болгон.
© фото предоставлено Джереми АллменомАл досунан кокусунан эле Кыргызстан жөнүндө угуп калган. "Гуглдан" караштырып атып, мамлекетти көргүсү келген.
2/3
Ал досунан кокусунан эле Кыргызстан жөнүндө угуп калган. "Гуглдан" караштырып атып, мамлекетти көргүсү келген.
© фото предоставлено Джереми АллменомЖереми Бишкекте, Каракол, Кочкор, Соң-Көл, Арсланбапка чейин барып келген жана Кыргызстан жөнүндө ролик тарткан.
3/3
Жереми Бишкекте, Каракол, Кочкор, Соң-Көл, Арсланбапка чейин барып келген жана Кыргызстан жөнүндө ролик тарткан.
1/3
Британиялык жаш сүрөтчү Жереми Аллен эки жыл ичинде жыйырмадан ашык өлкөдө болгон.
2/3
Ал досунан кокусунан эле Кыргызстан жөнүндө угуп калган. "Гуглдан" караштырып атып, мамлекетти көргүсү келген.
3/3
Жереми Бишкекте, Каракол, Кочкор, Соң-Көл, Арсланбапка чейин барып келген жана Кыргызстан жөнүндө ролик тарткан.

— Кыргызстанга келүү үчүн канча каражат сарптадыңыз?

— Европалык ченем менен алганда бир топ эле арзан болду. Болжолумда жумасына 600-700 доллар коротуп жаттым. Жалпы жонунан үч апталык жашоомо 2500 доллар кетти.

— Ким болуп иштейсиз?

— Кесибим боюнча филологмун — Франциядагы Экс-Марсель университетинде англис жана америкалык адабиятты өздөштүргөм. Швейцарияда жарым ставка менен сабак берип иштейм. Келечекте саякатчы-журналист болгум келет. Ошон үчүн Matador Network менен иштешүү мен үчүн абдан маанилүү.

— Саякат үчүн акча топтоп убара болгондурсуз…

— Тынбай иштесем, тийиштүү сумманы эки айдын ичинде эле таап алмакмын. Толук эмес ставкада иштегендиктен силерге келүүгө жарым жыл бою акча чогулттум.

— Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз…

— Атам Шотландияда туулган, улуту боюнча — венгр. Апамдын түбү Франциядан. Бирок биз  Англияда жашап келгенбиз, жакында эле кайра Парижге көчүп бардык. Улуу эжем бар, ал дагы окутуучу. Азырынча бойдокмун (күлүп).

— Кыргыз кыздары купулуңузга толдубу?

— Чынын айтсам, кыздар менен жакындан баарлашууга убактым да, мүмкүнчүлүгүм да болгон жок. Бирок Бишкекте жүргөндө кыргыз кыздарынын сулуулугу мени абдан таң калтырды. Көбү купулума толду. Кыргыз кызына үйлөнүүдөн баш тартпайт элем (күлүп).

"Санта Барбарадагы" америкалык актерго кыргыз режиссеру улуттук кийим кийгизди
— Мамлекетибиз кандай элес калтырды?

— Мен көп жерди көргөм, бирок Кыргызстандыкындай тоолордун, токойлордун кол тийгис аруу сулуулугун, кыргыздыкындай меймандостукту, ачык адамдарды эч жерден кезиктирген эмесмин. Анча-мынча кыргызча үйрөнүп калдым. Мисалы, "кечки тамак" деген эмне экенин билдим, "салам" деп учурашып, "кош бол" деп коштошуп жаттым.

— Улуттук ашканабыздан кайсы тамак жакты?

— Кыргыздар түркүн даам менен сыйлашты. Бирок ошонун баарынан мага Соң-Көлдө куурулган балык абдан жакты. Бул дүйнөдөгү эң мыкты балык деп айтар элем.

— Кайра кайрылып келер белеңиз?

— Кыргызстанда иштөө сунушу түшсө, ойлонбостон келмекмин. Мен эми бейиштин төрү кайда экенин өз көзүм менен көрбөдүмбү.

Жаңылыктар түрмөгү
0