Чычкандын өрттүн жайылышы токтотулду

© пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери күрөк менен от өчүрүү иштери Чычкан капчыгайында. Архив
ӨКМ кызматкери күрөк менен от өчүрүү иштери Чычкан капчыгайында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 13-августунда башталып тогуз күндөн бери өрттөнүп жаткан аймакка 800дөн ашуун адистер, жергиликтүү тургундар жана ошондой эле Казакстандан атайы өрт өчүрүү үчүн МИ-26Т тик учагы тартылган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чычкан капчыгайынын бийик тоолуу Канышай аймагындагы өрттүн жайылышы токтотулганын ӨКМ билдирет. 

Чычкандагы өрттүн 80 пайызы өчүрүлдү
Маалыматка ылайык, учурда абадан суу чачуу аракети жана өрт өчүрүүчүлөрдү ташуу токтотулду. ӨКМ адистери аймактагы кырдаалга көзөмөл салып турушат. Ушу тапта жаан-чачын башталганы кабарланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 13-августунда башталып тогуз күндөн бери өрттөнүп жаткан аймакка 800дөн ашуун адистер, жергиликтүү тургундар жана ошондой эле Казакстандан атайы өрт өчүрүү үчүн МИ-26Т тик учагы тартылган. 19-август күнү учуп келген тик учак жалпы жонунан 16 рейс жасап, 100 тоннадан ашуун суу чачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0