Израилдик офтальмологдор Кыргызстандагы көзү оорулууларды акысыз дарылайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКөзгө операция кылуу. Архив
Көзгө операция кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда саламаттык сактоо министри кыргыз адистеринин Израилде кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселесин көтөрүп, чет элдик дарыгерлерди сентябрь айында да келип кайрымдуулук акциясын улантууга чакырды.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын көз оорусунан жабыркаган оорулууларды израилдик офтальмологдор акысыз дарылай турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. 

Түркиялык хирургдар абалга болушат деген үмүт чоң - Sputnik Кыргызстан
Түркиялык хирургдар абалга аралжы болушат деген үмүт чоң
Маалыматка ылайык, 22-август күнү Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев атайы чакыруу менен келген израилдик дарыгерлер менен жолукту.

Дарылоо Бишкек жана Ош шаарларындагы чет жакка чыгып дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок оорулууларга акысыз жүргүзүлөт. Бардык керектүү медициналык жабдыкты израилдик офтальмологдор өздөрү менен кошо ала келишкен.

Жолугушуу учурунда министр кыргыз адистеринин Израилде кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселесин көтөрүп, чет элдик дарыгерлерди сентябрь айында да келип кайрымдуулук акциясын улантууга чакырды. 

Эки тарап медицина тармагында кызматташууну кеңейтүү тууралуу макулдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0