Израилдик офтальмологдор 90 кыргызстандыкка операция жасашты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКөзгө операция жасоо. Архив
Көзгө операция жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик адистер алгач Ош, андан кийин Бишкек шаарында иштешкен. Ошто 163 оорулуу текшерилип, 62 адамга операция жасалган. Ал эми Бишкекте 76 пациент кароодон өтүп, 13 адамга операция талап кылынган. Айрым оорулуулардын эки көзүнө тең операция жасалган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Көз оорусунан жапа чеккен кыргызстандыктарга израилдик офтальмологдор акысыз 90 операция жасап кетишкенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган министрликтин Израиль өкмөтү жана "Глаз Сиона" фонду менен кызматташуусунун аркасында мындай акысыз дарылоо үчүнчү ирет ишке ашып отурат.

© пресс-служба МЗ КРВрачи фонда "Глаз Сиона".
Врачи фонда Глаз Сиона. - Sputnik Кыргызстан
Врачи фонда "Глаз Сиона".

Чет элдик адистер алгач Ош, андан кийин Бишкек шаарында иштешкен. Ошто 163 оорулуу текшерилип, 62 адамга операция жасалган. Ал эми Бишкекте 76 пациент кароодон өтүп, 13 адамга операция талап кылынган. Айрым оорулуулардын эки көзүнө тең операция жасалган. 

Израилдик офтальмологдор Кыргызстандагы көзү оорулууларды акысыз дарылайт
Жалпы жонунан офтальмологдор 90 операция жасап, 239 кишини текшерүүдөн өткөрүштү. 

Иш-чара аяктагандан кийин дарыгерлерди Сламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев кабыл алды. Жолугушууда министр кайрымдуулук негизинде келген дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде израилдик адистер кыргызстандык дарыгерлердин кесипкөйлүгүнө жогорку баа берип, мындан ары да кызматташууга даяр экенин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0