Кыргызстанда орус тилинде окутууга суроо-талап жогорулап жатат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектепте. Архив
Мектепте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башында билим берүү министри Элвира Сариева абитуриенттерди орус тилин эле эмес, башка сабактарды да орус тилинде окутуу боюнча мугалимдик кесипке кабыл алуу тууралуу буйрук чыгарган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ата-энелер арасында балдарын орус тилинде окутууга болгон суроо-талап жогорулап жатканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл сайын орус тилинде окуган окуучулардын саны беш миңге көбөйүүдө. Мында орус тилдүү чөйрөнүн тардыгы жана мугалимдердин жетишсиздиги боюнча маселе курч турат. 

"Буга байланыштуу аталган министрлик бюджеттик негизде билим алган 204 бүтүрүүчүнү аймактарга жиберди. Жаш мугалимдер жаңы окуу жылынан тарта иштей башташат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Ош шаарындагы мектептер жаңы окуу жылында интерактивдүү такталар менен камсыз болот
Жыл башында билим берүү министри Элвира Сариева абитуриенттерди орус тилин эле эмес, башка сабактарды да орус тилинде окутуу боюнча мугалимдик кесипке кабыл алуу тууралуу буйрук чыгарган. 

Мындан тышкары, иштеп жаткан мугалимдер үчүн тийиштүү методикалык колдонмолор жарыяланып, Арабаев атындагы университет менен Ош мамлекеттик университеттеринде мугалимдерди даярдоо иш-чаралары жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0