Ажылыкка аттангандардын биринчи тобу эртең Ош шаарынан учат

© Фото / cercamonОш шаарына көрүнүш. Архив
Ош шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-августта ажылыкка жөнөй тургандар жалаң Ош шаарынын тургундары, алардын саны 200 киши. Буларга төрт ажы башчы бекитилген.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандан ажылык сапарга барчу биринчи топ эртең түштөн кийин Ош шаарындагы эл аралык аэропорттон учат. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Анын айтымында, бул топтогулардын бардыгы Ош шаарынын тургундары.

"25-августта уча тургандар жалаң Ош шаарынын тургундары, алардын саны 200 киши. Буларга төрт ажы башчы бекитилген. Рейс Ош эл аралык аэропортунан саат 16:00гө белгиленген",— деди Атабаев.

Акыркы кездерге радикалдык уюмдарга кирип кеткендерди нбир катары ажылык сапардан келгендин кийин ою бузулган деген маалыматтар да айтылып келет. Бул боюнча сурообузга муфтияттын өкүлү ар бир зыяртчынын кыймыл-аракети ажы башчынын көз алдында болорун айтты. 

"Ажылыкка барган 50 кишинин бирөөсү ажы башчы болуп бекитилген. Жоопкерчилик милдет тагылган ажы башчы анын карамагындагы ар бир зыяратчынын баскан-турганына, кыймыл-аракетине көз салып, коопсуздугун да карап турат", —деп кошумчалады муфтияттын өкүлү. 

Мекка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зыяратчылар Сауд Аравиясына учар күнү аэропортко 5 саат эрте келиши шарт
Атабаев ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөсү катары Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынан эки өкүлү — фатва бөлүмүнүн жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев жана Жунус ажы Саранов кошо учаарын кошумча билдирди. 

Быйыл кыргызстандык зыяратчылар Сауд Аравиясына 25-августтан 11-сентябрга чейин учуп, 15-октябрга чейин кайра кайтып келишет. Ал эми ажылык сапардын баасы 2550 долларды түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0