Сариев Чычкандагы өрттү өчүрүүгө катышкандарга ыраазычылык билдирди

Жазылуу
Өкмөт башчы өлкө жарандары мындай кырсыктардын алдын алуу максатында өрт коопсуздугун сактоо эрежелерине өзгөчө маани бериши зарылдыгын, бир адамдын кесепетинен Чычкан коругунун 120 гектар аянты өрттөнүп, табиятка ири зыян келтирилгенин кошумчалады.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө катышкандарга ыраазычылык билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдардын, аскер кызматкерлеринин жана жергиликтүү калктын өрт өчүрүүдөгү кайратмандыгын белгиледи.

"Биздин жарандар күнү-түнү жаратылыш кырсыгына каршы туруп, өрт өчүрүүгө жана анын кесепетин азайтуу үчүн болгон күчүн жумшады", — деп белгиледи Сариев.

Ошондой эле өкмөт башчы өлкө жарандары мындай кырсыктардын алдын алуу максатында өрт коопсуздугун сактоо эрежелерине өзгөчө маани бериши зарылдыгын, бир адамдын кесепетинен Чычкан коругунун 120 гектар аянты өрттөнүп, табиятка ири зыян келтирилгенин кошумчалады.

"Өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча талапты жана эл арасында өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл", — деди Сариев.

Чычкан капчыгайындагы өрт 13-августта башталып, мамлекеттик орган кызматкерлери жана жергиликтүү калктын күч-аракети менен 23-августта саат 18.30 толугу менен өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0