Бишкекте 204 шайлоо участогу ачылды

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоо участкасы. Архив
Шайлоо участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын башка аймактарында катталып, бирок борбор калаада жашаган жарандар жашаган аймагына ылайык участокко барып, шайлоочунун тизмесине кирүү үчүн атайы форма толтурушу кажет.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте 204 шайлоо участогу ачылып, анын ар биринде биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмеси илингенни мэрия билдирет.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Шаикова: шайлоочулардын тизмесин түзүү 20-сентябрда токтойт
Маалыматка ылайык, 19-августтан 19-сентябрга чейин "Шайлоочулардын тизмесинен өзүңдү текшер" аттуу кампания өтөт. Шаардыктар жашаган жери боюнча шайлоо участокторуна келип, өздөрүн тизмеден текшерип алса болот.

Жашаган жери боюнча катталбаган бишкектиктер үчүн кошумча 39 шайлоо участогу ачылган. Кыргызстандын башка аймактарында катталып, бирок борбор калаада жашаган жарандар жашаган аймагына ылайык участокко барып, шайлоочунун тизмесине кирүү үчүн атайы форма толтурушу кажет.

Мэрия аппаратында жана  райондук администрацияларда шайлоого байланышкан мыйзамдарды бузуу фактылары туурасында жарандардын билдирүүлөрүн кабыл алуу үчүн ишеним телефондору иштей баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0