Согушчандарды жок кылган "Альфачыларга" президент медаль жана саат такты

Жазылуу
Президент өз сөзүндө элдин тынчтыгы үчүн өз жанын тобоколге салган эр жүрөк, баатыр кишилер бар экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев согушчандарды жок кылган УКМКнын кызматкерлерине сыйлык тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев: согушчандар жок кылынбаганда, эртеси жүздөгөн жаран кырылмак
16-июлда Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө согушчандарды жок кылуу боюнча атайын операция болуп, төрт согушчан жок кылынган.

Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине "Эрдик" медалын, Ардак грамота жана эрдиги үчүн президенттик кол саат тапшырды.

Президент өз сөзүндө элдин жана элдин тынчтыгы үчүн өз жанын тобоколге салган эр жүрөк, баатыр кишилер бар экенин баса белгиледи.

"Атайын операция учурунда УКМК кызматкерлери кесипкөйлүгүн көрсөттү. Эң башкысы, террорчулардын ойлогону ишке ашкан жок. Эгер алардын ойлогону ишке ашканда карапайым калк арасында курмандыктар көп болмок", — деди Атамбаев.

Президент терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүнү күчөтүү зарылдыгын белгилеп, УКМКнын кызматкерлерине көңүл буруп, аларды турак-жай менен камсыздап, социалдык статусун жогорулатуу жолго коюла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0