Кыргыз-казак чек арасында импорттоло турган товарларга күнүнө 123 талон толтурулууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек-араны өтүп бара жатан жарандар. Архив
Чек-араны өтүп бара жатан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара аркылуу товар ташыган ишкерлер мамлекеттен көзөмөлдөн өткөндүгүн тастыктоочу талон толтурууда. Талон эки нускада толтурулуп, жүк жөнөтүүчү менен жүк алуучунун дайын-дареги, автоунаа барчу жердин аталышы жана КР чек арасынан өткөн күнү белгиленет.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында абал туруктуу экенин Экономика министрлиги билдирет.

12-августта Кыргызстан ЕАЭБге толук укуктуу мүчө болуп катталды. Буга байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынган.

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Импортерлор менен экспортерлор мамлекеттик көзөмөлдөн өткөнү жөнүндө талон толтурушат
Маалыматка ылайык, учурда өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат. Чек арадан өтүп жаткан адамдардын ири кезеги жана унаа тыгындары байкалбайт. Бардык өткөрүү пункттарында нөөмөт уюштурулуп, бүгүнкү күндө маалымат алуу үчүн 680 адам кайрылган.

Талапка ылайык, чек ара аркылуу товар ташыган ишкерлер мамлекеттен көзөмөлдөн өткөндүгүн тастыктаган талон толтурушууда. Талон эки нускада толтурулуп, жүк жөнөтүүчү менен жүк алуучунун дайын-дареги, автоунаа барчу жердин аталышы жана КР чек арасынан өткөн күнү белгиленет.

Үстүбүздөгү жылдын 12-24-август күндөрү импортко 1483, ал эми экспортко 1228 талон толтурулган. Болжол менен күнүнө 123 талон өлкөгө кирүү үчүн жана 102 талон өлкөдөн чыгуу үчүн толтурулууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0