Ош шаарында ички автокаттамдар көбөйтүлүп, бир катарлары узартылды

© пресс-служба мэрии города БишкекЖол чийимдери. Архив
Жол чийимдери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы автобекет ишке киргенден тарта бир катар каттамдар жакшырып, узартылды.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ош шаарында жаңы автобекет ишке кирип, ал аркылуу калаа ичинде 18 кичи маршруттук, тролейбустук эки жана автобустук бир каттам жүрөт. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Ош шаарынын Абсамат Масалиев проспекти, Исхак Раззаков жана Уркуя Салиева көчөлөрү аркылуу келип "Манас Ата" аймактык кеңешине токтогон маршруттардын каттамы толугу менен №2 жаңы автобекетке чейин узартылды. Ал эми Ленин көчөсү аркылуу келген маршруттук каттамдарга дагы кошумча жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдар уюштурулууда. 

"Эми №2 автобустук жана №1 тролейбустук каттамдар да жаңы автобекет аркылуу өтмөкчү. 25-августтан тарта буга чейин токтоп калган №2 тролейбустук каттам да иштей баштады", — деп билдирди маалымат кызматы.

Жаңы автобекет аркылуу тогуз маршруттук каттам иштеп келсе, мындан ары дагы тогузу кошулуп, жалпысынан 18 маршруттук каттам иштей баштады. 

Ош шаарындагы башаламан кыймылды тартипке келтирип, автотыгындарды болтурбоо үчүн мэрия автокыймылдын баарын 25-августтан тарта №2 мамлекеттик автобекет аркылуу жүргүзө баштаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0