БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Биометрикалык маалымат чогулткан операторлорго күнүнө 250 сом төлөнгөнүн Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлайт.
Билдирүүгө ылайык, Каржы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен Кыргызстандын облустарынын эсебине жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрияларына жалпы жонунан 52 миллион сомдон ашуун каражат которгон.
Акча үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында жарандардан биометрикалык маалымат чогулткан операторлорго төлөндү.
Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталып, ушул жылдын 19-сентябрына чейин уланат.