Ниязалиева жетекчилердин жоопкерчилигин арттыруу үчүн курулуш жүрүшүн көзөмөлгө алат

Жазылуу
100 орундуу мектептин курулушу 2012-жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилиши керек. Курулуш жетекчилеринин айтымында, мектеп жаңы окуу жылында балдарды кабыл алууга даяр.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Курулуп жаткан социалдык объектилерди байма-бай көзөмөлдөө жетекчилердин жоопкерчилигин арттырат деп билдирди Чүй облусундагы курулуш жүрүшүн текшерүү учурунда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

Ниязалиева: мектеп курулуштары өз мөөнөтүндө бүтпөсө, тийиштүү адамдарга чара көрүлөт
Чиновник Он бир жылга айыл аймагындагы Кайырма айылында салынып жаткан мектептин, Сайлык айылындагы спорт комплексинин курулушу менен таанышып, Ысык-Ата аймактык оорукана бөлүмүнүн ишин көрдү.

100 орундуу мектептин курулушу 2012-жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилиши керек. Курулуш жетекчилеринин айтымында, мектеп жаңы окуу жылында балдарды кабыл алууга даяр.

"Спорт комплексинин курулушу аяктап, бардык жабдуулар коюлду. Учурда аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат", — деди Чүй районунун акими Апбасов.

Ниязалиева Ысык-Ата аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн оңдоо иштери менен таанышты. Маалыматка ылайык, 15 орундуу аталган бөлүмдүн терезе-эшиктери жана канализациялык түтүктөр алмаштырылган. 

Вице-премьер мындан ары да социалдык объектилердин курулушун текшерип турарын, бул жетекчилердин жоопкерчилигин арттыра турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0