Малеванаяны адвокаты коргоодон баш тартты

Жазылуу
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Юстиция министрлигине айыпталуучуга адвокат берүү тууралуу кат жазышы керек.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеванаянын адвокаты аны коргоодон баш тарткандыктан, кылмыш ишин кароо 6-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку сот билдирет.

Фемиданын таразасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оксана Малеванаянын соту бүгүн Бишкекте болот
Мамлекеттик коргоого алынган, мэриянын чечими менен тарыхый, маданият жана архитектура мурасы категориясына кирген "Учкун" ишканасынын 15-16-кабаттарын мыйзамсыз берген деп айыпталган Малеванаяга кылмыш иши козголуп, сот отуруму бүгүнкүгө дайындалган.

Процесс алдында Малеванаянын адвокаты аны коргоодон баш тартты. Мындан улам эми Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Юстиция министрлигине айыпталуучуга адвокат берүү тууралуу кат жазышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0