Маматалиев: Чычкан менен Боом капчыгайындагы кырсыктар ӨКМдин кемчиликтерин ачыктады

© пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери Чычканда. Архив
ӨКМ кызматкери Чычканда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маматалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана аталган агенттикке кооптуу табият кырсыктарын алдын ала божомолдоо боюнча мамлекеттик органдар жүрүгзүүчү иш-аракеттердин жол-жоболорун иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башка органдар менен өз ара кызматташуусу начар экенин, буга Боом жана Чычкан капчыгайларындагы кырсыктар күбө болгонун вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев аталган министрликтин отчетун угуп жатып билдирди.

Иш-чара жүрүшүндө вице-премьер-министр ӨКМ ченемдик документтерди иштеп чыгуу, жаңы технологияларды өздөштүрүү, өзгөчө кырдаал учурунда мекеменин бирдиктүү иш алып баруусу жаатындагы ийгиликтерин белгиледи.

"Жетишкендиктерге карабастан, министрлик жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташуусунун деңгээли начар. Бул Боом жана Чычкан капчыгайындагы кырсык кесепеттерин жоюу иш-чараларында айгине болду", — деди чиновник.

Муну менен бирге Гидрометеорология агенттигинин ишмердүүлүгү талкууланды.

Маматалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана аталган агенттикке кооптуу табият кырсыктарын алдын ала божомолдоо боюнча мамлекеттик органдар жүрүгзүүчү иш-аракеттердин жол-жоболорун иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0