Рахмон Кыргызстан менен достук мамиленин өнүгүшүн каалады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент Таджикистана Эмомали Рахмон
Президент Таджикистана Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмомали Рахмон Тажикстан Кыргызстан менен тыгыз байланышта иштөөгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан менен достук мамилелердин өркүндөшүн каалады.

Тажик президенти Кыргызстандын элин жана Алмазбек Атамбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Ал өзүнүн куттуктоосунда кылымдардан бери келе жаткан эки элдин достук мамилеси жана байланышы мындан ары да улана берерин белгилеген.

Рахмон Атамбаевге ден соолук, ийгилик, Кыргызстандын элине бакубаттуулук жана өнүгүү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0